Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ош облусу, Ош 28.06.2019 14:40 На русском

«Сулайман-Тоо» комплексиндеги көргөзмөгө чет өлкөлүктөр да күбө болушту

Turmush -  Бүгүн, 28-июнь күнү «Сулайман-Тоо» тарыхый археологиялык комплекси үңкүр музейинде көргөзмө уюштурду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалым болгондой, көргөзмө комплекстин ЮНЕСКОнун тизмесине киргендигинин 10 жылдыгына карата уюштурулду. Анда Кыргызстандын атынан аталган уюмга катталган мурастар боюнча маалыматтар берилип, «Манас» эпосу, көк бөрү оюну, «Сулайман-Тоо» комплекси боюнча маалыматтар айтылды. Иш чарага өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн, Ош шаардык мэриясынан өкүлдөр, Өзбекстандын Андижан облусунун музейинин 15 кызматкери катышты.

Күндүн экинчи жарымында «Сулайман-Тоо» тарыхый археологиялык музей комплекси менен Андижан облусунун музейинин кызматкерлеринин ортосунда тажрыйба алмашуу максатында семинар өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×