Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Талас облусуБакай-Ата району 28.06.2019 10:59 На русском

Айылда улгайган аялды зордуктаган 3 жигит: Милиционер А.Бокошевдин ишиндеги окуялар (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Ынтымак айылынын 40 жаштагы тургуну, майор Аскат Бокошев 12 жылдан бери милициянын катарында иштеп келе жатат. Аймактык кабарчы тартип сакчысы менен таанышты.

Окууну бүткөндөн кийин дыйкан болуп жүрдүм

2002-жылы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүн аяктагам. Окууну бүткөн соң адистигим менен иштей алган жокмун. 2007-жылга чейин дыйканчылык менен алектенип келдим. 2007-жылы Талас облустук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына конвой болуп киргем. Ал жакта 2 жыл иштедим. 2009-жылы Талас райондук ички иштер бөлүмүнө эксперт-криминалист болуп дайындалып келдим. Андан соң аймактык тескөөчү болуп иштедим. Акыркы 1 айдан бери Талас райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары болуп иштеп жатам.

Үй-бүлөнүн колдоосу маанилүү

Мен кичинемден МАИнин жумушуна кызыкчумун. Мага алардын колундагы таягы, унааларды тартипке салып турганы жакчу. Балалык кыял менен ошол адистикти алгам. Ал жумушка жетпей калган соң ата-энемдин колунда, жубайым менен дыйканчылык кылып, тынч жашоого көнүп калгам. Анан үй-бүлөм менен кеңешип, милициянын катарын толуктап, кызматка келип калдым. Үйдө дыйканчылык кылуу менен милицияда кызмат кылуунун айырмасы өтө чоң болду. Жумушта кээде түнү менен калып, 2-3 күн жүрүп калган учурлар болот. Ошол учурда үй-бүлөнүн түшүнүп, колдогонуна муктаж болосуң.

2010-жылы Ошто ызы-чуу болгон учурда кызматта болдум. «Милицияны уруп кетти, бул жерде мындай болду» десе эле апам «иштебей эле койчу, өзүңдү аябасаң да бизди аяп кой, башка жумуш тап» деп айтып жүрдү.

Аза бойду титиреткен кылмыштар

Мен конвой болуп жүргөндө жумуш тынч болду. Ал эми эксперт-криминалист болуп жүргөндө эсте калган ар кандай жаман окуялардын күбөсү болуп жаттым. Биринчи эле жерге көмүп койгон адамды кайра алып чыккан учур катталды. Кылмышкер бир тууганы менен уруша кетип, аны өлтүрүп, көмүп таштаган экен. Издөө учурунда көмгөн жери табылып калган. Аны көргөн соң өзүмө жакын кабыл алгандыктан ооруп да калгам. Улам бир окуяга туш болуп жүрүп, өзүмдү психологиялык жактан бекем болууга тарбияладым. Баарынан мурда жумушка болгон жоопкерчилигимди, намысымды биринчиликке коюп, ушул жумушту аркалап калдым.

Жумушта көп эсте калган учурлар болду. Айрыкча аймактык тескөөчү болгондо кылмыштын бетин ачуу боюнча жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп жаттым. 2012-жылы Сасык-Булак айыл аймагында аймактык тескөөчү болуп иштеп жүрүп, жыл ичинде 17 кылмыштын бетин ачканым үчүн «Мыкты аймактык тесчөөчү» наамын алгам. Андан мурун Талас районунда эң алыскы тоолуу аймак деп эсептелген Талды-Булак айылында аймактык тескөөчү болуп иштедим. Жумасына 1 жолу үйгө келип, жалгыз жашап иштегем.

Мен иштеп турганда бир жаман окуя катталды. 60 жаштар чамасындагы аялды мас абалдагы 3 бала кармап алып, зордуктап кетишиптир. Караңгы болгондуктан ал аял эч бирин тааныбай калган. Бирок алардын бирөөсүнүн бир көзү сокур экенин байкап калыптыр. Ыкчам топ келгенче сураштырып, кылмышкерлердин өздүгүн тактап койгом.

Аскат Бокошев 3 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×