Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Нарын облусу, Нарын 28.06.2019 09:13 На русском

Нарында Социалдык фонддун кызматкерлеринин спартакиадасы өтүп жатат

Turmush -  Нарын шаарында Социалдык фонд кызматкерлеринин республикалык спартакиадасы башталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын социалдык фондунун төрагасы М.Ырсалиев билдирди.

Ага жети облустан келген 300дөн ашуун кызматкерлер катышууда.

«Алар спорттун кичи футбол, волейбол, стол үстүндөгү теннис, тогуз коргоол жана кол күрөш түрлөрү боюнча эки күн күч сынашат. Мелдеш кыз-келиндер жана мырзалар арасында өтөт. Иш-чаранын максаты — коомду сергек жашоого үндөө менен социалдык мекемелер жана кызматкерлер арасында байланышты күчөтүү. Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөргө кубоктор жана дипломдор тапшырылат», - деди ал.

Учурда республикада 1300дөн ашык соцкызматкерлер бар.

Мындай мелдеш жыл сайын облустарда кезеги менен өтүп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×