Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 28.06.2019 09:11

Кара-Сууда бир нече мал-жандыкты сел агызып кетти

// Turmush

Turmush -  Ош облусунун Кара-Суу районунда сел жүрүп, 1 жылкыны, 2 торпокту жана 6 койду суу агызып кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 27-июнь күнү саат 17:00 чамасында кыска мөөнөттө нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон сел жүрүп, Папан айыл аймагынын Бөрү айылында Лаглан каналын шагылга толтуруп, Ош—Бөрү ички чарбалык унаа жолун жууп кеткен.

Ошондой эле Катта-Талдык айыл аймагынын Кара-Сөгөт айылында 1 жылкыны, 2 торпокту жана 6 койду суу агызып кеткен жана ички чарбалык унаа жолун жууп, 1 мамыны жараксыз абалга келтирген. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

ӨКМдин райондук бөлүмүнүн башчысы, Кара-Суу райондук №102 ӨКБдан 2 куткаруучу жана айыл аймак башчылары 27-июнь күнү жеринде тактоо иш-чараларын жүргүзүшкөн.

28-июнь күнү калыбына келтирүү иш-чаралары башталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×