Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ош облусу, Ош 27.06.2019 18:05 На русском

Видео — Ошто май куюучу жай бузулууда

Turmush -  Ош шаарында мыйзамсыз курулган май куючу жай бузулууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.

«Бүгүнкү күндө Кулатов кичи районундагы Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан май куючу жай ээлери тарабынан бузулууда. Жер ошол май куюучу жайдын ээсине таандык. Андыктан ордуна дүкөн же башка нерсе куруп, иштетсе болот. Айланасында медициналык борбор жана тойканалар жайгашкандыктан кооптуу деп табылган», - деди А.Абсаттаров.

Мамэкотехинспециянын Ош шаары боюнча аймактар аралык башкармалыгынын башчысы Мелис Адиевдин айтымында, шаарда жалпы 44 май куючу жай бар. Анын ичинен 22 май куючу жайдын иши сотко өткөрүлгөн. 12 май куючу жай Ош шаардык прокуратурасы тарабынан текшерүүгө алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×