Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Нарын облусуАт-Башы району 27.06.2019 12:58

Айыл турмушу: 10 бала төрөгөн Бурул апа учурда 5 уул-кызынын жакшылыгын көрүп жатат

Turmush -  Ат-Башы районунун Ат-Башы айылындагы баатыр эне Бурул Акылбекова мурда жигиттер аскерге түлөө менен узатылчу дейт.

Бурул Акылбекова 1938-жылы Ат-Башы районуна караштуу Ак-Моюн айылында туулган. 5 кыз, 5 эркек бала төрөп, кийин алардын ичинен 1 кызы, 4 эркек баласы каза болгон. Учурда 4 кызы, 1 уулу, 40 небере, 25 чөбөрөсү бар. Баатыр эне мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп пенсияга чыккан.

«Согуш маалында чоңойдум. Атам согушка кеткен бойдон келген жок. Жалгыз мен эле төрөлүптүрмүн, энем жалгыз бакты. Колхоздун бардык жумуштарын жасадык, буудай оруп, чөп жыйнадык. 17 жашымда Өзгөрүш айылындагы жигитке турмушка чыктым. Жолдошум почтодо иштечү, мен дагы ошол жерде иштеп калдым. Андан кийин экөөбүз Ак-Сайда 1965-жылдан 1992-жылга чейин иштедик. Тактап айтканда, тоо-таштын арасында гезит таратып эмгектендик. Шамал, бороон, катаал жерде балдарды бактык. 10 балалуу болдук, алар өкмөттүн ар кайсы тармактарында иштешчү. Тагдыр экен, 1 уулум, 4 кызым удаа каза болуп калды. Абышкам 1992-жылы көз жумду. Андан бери жалгыз арабаны тартып келе жатабыз», - деди ал.

Бурул Акылбекова: «Мурда балдар 3 жылга чейин аскерде болушчу. Ошондо балдарыбыз согушка кетип жаткансып ыйлап узатчубуз, кайра сүйүнүп тосуп алчубуз. Аларга кол кап, байпак түйчүбүз, тамак-аш жөнөтчүбүз. «Аман-эсен барып кел» деп тууган-уруктун баарын чакырып, түлөө берчүбүз. 5 балабызды тең ошентип узаттык. Кайра келгенде той берип тосуп алдык. Азыр балдар жөн эле кетип жатат», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×