Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ош облусу, Ош 27.06.2019 11:16 На русском

Түндө Ошто 30 жаштагы келин бычакталды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош шаарында 30 жаштагы келин бычактан алган жаракаты менен ооруканага түштү. Бул маалыматты Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынан тастыкташты.

Кечээ, 26-июнь күнү саат 23:33 чамасында облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына Ош шаарынын 1989-жылы туулган тургуну Т.С.М. (аял киши) жеткирилген. Анын курсагына бычак сайылып, боор тарабын кесип өткөндүктөн, ичине кан толуп калган. Дарыгерлер өз убагында операция жасап, келиндин өмүрүн сактап калышты.

Учурда бейтаптын абалы орто оор жана дарыгерлердин көзөмөлүндө. Окуянын чоо-жайы такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×