Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусу, Ош 27.06.2019 09:29

Ошто мыкты аймактык кеңеш, короо, социалдык мекеме аныкталды

Ош шаары
Ош шаары

Turmush -  Кечээ, 26-июнь күнү Ош шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча 3 айлыктын жыйынтыгын чыгарган жыйында «Мыкты аймактык кеңеш» наамынын ээлери аныкталып, акчалай сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аталган наамга шаардагы Манас-Ата жана Сулайман-Тоо аймактык кеңештери татыктуу болуп, ыраазычылык баракчасы жана 20 миң сом акчалай сыйлыктарга ээ болушту.

Ошондой эле «Мыкты кварталдык комитет», «Мыкты короо», «Мыкты социалдык мекеме» наамдарынын жеңүүчүлөрүнө дагы ыраазычылык баракчалары тапшырылып, ар бирине 5 миң сомдон акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

«Мыкты көрктөндүрүлгөн бала бакча» жана «Шаарды көрктөндүрүүгө көмөк көрсөткөн мыкты жеке ишкана» наамдарынын жеңүүчүлөрү дагы аныкталып, жеке курулуш компанияга 50 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×