Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Нарын облусу, Нарын 27.06.2019 08:46 Жаңыланды: 11.07.2019 22:56 На русском

Айыл турмушу: Түймө оюнчуктан киреше тапкан Гүлзат

Turmush -  Нарын шаарынын 26 жаштагы тургуну Гүлзат Базарбай кызы балдар үчүн өзгөчө оюнчуктарды түйүп, киреше табууда. Анын кол эмгектерин аймактык кабарчы көрүп келди.

Өзүнүн айтымында, эс тарткандан бери түрдүү түймө түйүп келет.

«Нарын шаарында төрөлүп, балалыгым ушул жерде өтүп, шаарыбыздагы №9 орто мектебин бүтүрдүм. Билимимди жогорулатып, өз сүйгөн кесибимди алып чыгып, аны менен Учкун айылында 3 ай контролёр болуп иштедим. Бирок Нарындан айылга каттап иштегендиктен айлык акым жол кирени актабай калат экен. Ошентип интернеттен жана Айзат эжемден оюнчук түйүүнү үйрөндүм.

Чынында бул оюнчукту түйүү оор, бирок мен үчүн жеңил. Учурда мультфильмдин каармандарын, желбирөөч (брелок), асынма баштык, баш кийим, жоолук жана куурчактын түрүн түйүп, кошумча киреше таап жатам. Минтип иштегениме 3 жыл болду. Бул оюнчуктарды «кытай оюнчуктарына караганда зыяндуу эмес» деп көп алышат. Алдыда «Нарын түймө оюнчугу» деген аталыштагы дүкөн ачып, Нарын деген сөздү бренд кылгым келет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×