Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Талас облусу, Талас 26.06.2019 14:26

Айыл турмушу: Б.Исмаилова остеохондроздон сакайтуучу гүл өстүрөт (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Кырк-Казык айылынын 52 жаштагы тургуну Бактыгүл Исмаилова остеохондроздон сакайтуучу гүл өстүрөт. Аймактык кабарчы Бактыгүл айым менен таанышты.

Өзүнүн айтымына, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында төрөлгөн. Кесиби боюнча экономист.

«Жолдошум экөөбүз заводдо чогуу иштечүбүз. Ал жерден «ГАЗ 53» үлгүсүндөгү унаалардын тетиктери даярдалып чыкчу. Жолдошум ширетүүчү, мен текшерүүчү болуп иштеп жүрүп, ошол жактан таанышып калганбыз. Кийин Таласка келин болуп келдим.

Көп жылдан бери гүл өстүрүп, тарыхынан бери билип алгандарым дагы бар. Ар кайсы жактан көчөт, уруктарын сатып келип өстүрөм. Гүлдөрдү дагы тандап, гүл ачкандарын багам. Учурда 30га жакын түрү бар. Айттырбай, көргөзбөй, сурабай алып кеткендер көп болот. Майрамдарда же жөн гана чай бергенде келиндер келишет. Алар кеткенден кийин гүл ордунда жок болуп чыгат (күлүп). Гүлдөп жаткан учурда көчөт алганга болбойт. Анткени андан тамыр өнбөйт.

Бир жылы жазда гүлдөрдү сыртка чыгарып койсом жолдон өткөн мал бир нече жолу жеп кетип, аябай ичим ачышкан. Тикенектүүнү жей алышпайт деп сыртка жалаң роза гүлдөрдү тигип койдум (күлүп). Кийин жолдошум гүлдөрдү тосуп коё турган жыгач тосмолорду жасап берип, көңүл буруп калды. Кыздарым дагы гүлгө жакын.

Гүлдөрдүн арасынан бегония гүлүн жактырам. Герань гүлдөрүн үзбөйм. Көчөттөрүн Ысык-Көлдөн алып келгем. Бул гүл кам көргөнгө жеңил. Дүйнө жүзү жакшы көргөн гүл. Ал 16-кылымда Голландияда пайда болгон экен. Булар жылуулукту сүйөт. Көпчүлүк «үй доктору» деп дагы коюшат. Анткени көйгөй болгон остеохондрозду кетирет. 20 грамм чыккан жалбырагын 15 мүнөт сууга кайнатып, чыпка менен сүзүп алып, муздатуу керек. Күнүгө 2 кашык ичип, туздан арылса болот.

Үйдө гүлдөр көп болгонун жакшы көрөм. Булар менин жумушум. Үйдө болгондо эртеден кечке кам көрөм», - деди ал.

Бактыгүл айым 4 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×