Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Талас облусу, Талас 26.06.2019 11:37

Мугалимдин бизнеси: Таластык Ч.Жумакулова каникул учурундагы 2 айда 160 миң сом таап жатат (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 37 жаштагы тургуну Чынара Жумакулова 10 жылдан бери бээ саап, ага катар эле мектепте башталгыч класстын мугалими болуп иштеп келе жатат. Аймактык кабарчы Чынара айымдан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, 1982-жылы Талас шаарында туулган. Мугалим болууну кичинекей кезинен эле кыялданчу.

«Мен студент болуп жүргөндө турмуш курдум. Балдарды багып, окууга дагы жетишчүмүн. Апам көп жардам берди. Мугалимдик кесиптин алгачкы эмгек жолун Талас шаарындагы №5 мектептен баштадым. Апам (кайын энеси) дагы мугалим. Бул жаатта менин мыкты устатым болду. Балдарга кантип сабак өтүүдөн баштап, ата-энеге кандай сылык мамиле жасаш керектигине чейин үйрөттү.

Жаш балдар баёо, бар-жокту билбеген, таза жан болот эмеспи. Ар биринин ар түрдүү кыялы бар. Бардыгынын көңүлүн таап, ар түрдүү жолдор менен сабак өткөнгө аракет кылам. Балага катуу айтып же урушканда тарбияланбайт. Ал бир гана өз көңүлү менен болуп, бирок туура жолду көргөзгөндө сабакты өзүнө бат кабыл алат», - деди мугалим.

Каарманыбыз тоодо бээ саап, эс алуучуларды кабыл аларын айтып берди.

«Башында кыйынчылыктар көп болду. Буга чейин 2 бээ саап, сүтүн ичип, кымыз жасачумун. Ал учурда сүт ичем дегендер болсо келип турушчу. Ошондон улам жайлоого чыгып, бээнин сүтү, кымыз менен эс алуучуларды кабыл алса болот экен деп ойлондум. Атамдар (кайын атасы) Чырканак жайлоосунан жер алып берип, 8 жылдан бери жайлоого чыгабыз. Бул жакта бардык шарттар каралган. 2 эс алуучуга 1 бөлмө, идиш-аяктар берилет. Тамак бышырып ичүү үчүн атайын газ коюлган. Жыл сайын бээлер жана мен медициналык текшерүүдөн өтүп турабыз. Анткени эс алуучу адамга эч кандай күмөн жаралбашы керек. Азыркы учурда 10 бээ саайм. Ар бир бээнин аты бар. Келген кардарлар канча күнгө келсе, ошончо күн 1 бээнин сүтүн ичишет. 1 айда 50гө жакын эс алуучуну кабыл алабыз. 2 айда жалпысынан 100 эс алуучу келет. Келген кардарларды өзүм тейлеп, бээни өзүм саайм.

Бул жумуш сезондук жумуш болгондуктан кеткен чыгымдардан тышкары 160 миң сом таза киреше түшөт. Май айынын этегинде баштап, август айында кымызды токтотобуз. Анткени жаңы окуу жылы башталып, мектепке ишке барам», - деди ал.

Чынара айым 3 уул, 1 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×