Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Ысык-Көл облусу, Каракол 25.06.2019 18:33 Жаңыланды: 25.06.2019 18:54

Караколго 150 жыл: «Тазалык» ишканасынын алгылыктуу иштери. Сүрөт

Turmush -  Ушул жылдын 1-июлунда Каракол шаарынын 150 жылдыгы белгиленет. Бул саамалыкка карата шаар макамын алууга көмөк берген мекеме-ишканалардын кечээки, бүгүнкү жана эртеңки абалына саресеп салып, шаардын кылымдык тарыхы менен тааныштырабыз.

Каракол шаардык «Тазалык» ишканасынын тарыхы

Кыргыз ССРинин Турак жай-коммуналдык чарба министрлиги 1988-жылдын 31-июнунда буйрук чыгарган. Анын негизинде ушул жылдын 1-сентябрында «Пржевальск КПП» ишканасы «Коммунальщик-Коммунспецавтотранс» деп өзгөргөн.

Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамынын негизинде «Коммунальщик-Коммунспецавтотранс» ишканасы Ак-Суу райондук администрациясынын 1988-жылдын 12-июлундагы №124 буйругунун негизинде «Аракет» ЖЧКсы деп бекитилген.

Кийин Ак-Суу райондук администрациясынын буйругу менен «Аракет» ЖЧКсы «Тазалык» ишканасына кошулган. Каракол шаарынын мэриясынын 2004-жылдын 20-майындагы №157 токтомунун негизинде «Тазалык» ишканасы «ККБиЗХ» деп өзгөргөн.

Шаардык кеңештин 2017-жылдын 27-декабрындагы №27-18/2 жана шаардык мэриянын 2018-жылдын 15-мартындагы токтомунун негизинде «ККБиЗХ» ишканасы Каракол көрктөндүрүү санитардык тазалоо ишканасы болуп өзгөргөн.

«Тазалык» ишканасын жетектеген жетекчилер:

- В.Степанов;

- А.Коноев (2001-жыл);

- З.К. Бейшебаев (2002-жыл);

- З.К.Каркенова (2003-2005-жылдар);

- З.К.Бейшебаев (2005-2007-жылдар);

- М.А. Идирисов (2007-2010-жылдар);

- С.С. Өскөмбаев (2010-жыл);

- В.М. Шемчук (2010-жыл);

- З.К. Бейшебаев (2010-2014-жылдар);

- З.К. Бейшебаев (2015-2016-жылдар);

- А.Ж. Абдыкеев (2017-жылдан баштап).

Азыркы учурда ишканада штаттык бирдик боюнча 122 жумушчу иштейт. Анын ичинен көчө шыпыруучулар — 54 киши, айдоочулар — 18, жүктөөчүлөр — 21 кызматкер, көзөмөлдөөчү — 21 киши. Бардыгы өзүнө тиешелүү функционалдык жумуштарын аткарышат.

Каракол көрктөндүрүү санитардык тазалоо муниципалдык ишканасы негизинен Каракол шаарынын жашоочуларын жана мекеме-ишканаларды тейлейт. Ишкана Каракол шаарынын санитардык абалын карап, таштандыларды тазалоо, шаарды көрктөндүрүү жана түнкү жарыктарды орнотуу, аларды оңдоп-түзөө, кароосуз иттерди атуу, көрнөк-жарнактарды илүү, ар кандай майрамдык иш-чараларды уюштуруу иштерин аткарат. Бүгүнкү күндө ишканада 31 даана техника пайдаланылат. Ишкана ар кандай долбоорлор менен да иш алып барууда.

«Тазалык ишканасы АБР долбоору менен биргеликте иштеп, биздин ишканага трактор, «Домп Транк» унаасы, «Солд Вест» таштанды ташуучу унаасы, «Донг Фенг» телескоп, «ХGMA» бульдозеру, «ХGMA» экскаватор-жүктөгүч, «Хундай» таштанды ташуучу унаасы, «Донг Фенг» таштанды ташуучу унаасын, таштанды салуучу контейнерлерди, 2 компьютер, 1 принтер, таштанды төгүүчү жайга тор алып беришти.

Таштанды топтолуучу жайды курчоо иштерин жүргүздүк. Таштандылардын салмагын тактаган электрондук тараза орнотулду жана бүгүнкү күндө таштанды төгүүчү жай санитардык-экологиялык талаптарга ылайыкталган. Мындан тышкары таштандыны өрттөп, электр энергиясын чыгаруучу кичи завод курууга долбоор жазылып, бул багытта да иш жүрүүдө», - дейт жетекчи Алмаз Абдыкеев.

Ишкана акыркы жылдары шаарды көрктөндүрүү багытында алгылыктуу иштерди жүргүзүп келет.

Мисалы:

- Шахмат ойноочу аянтча ачылды;

- «I love you Karakol» – күйүүчү инсталляциясы орнотулду;

- көчөлөргө 2 даана LED экраны коюлду;

- 9 даана селкинчек отургучтар борбордук бакчага орнотулду;

- 12 даана үстү жабык отургучтар шаардагы бакчаларга орнотулду;

- борбордук аянтты күйүүчү темир тосмолор менен курчоо иштери жүрдү;

- Каракол шаарынын 150 жылдыгына карата туурасы 9,6 метр жана узуну 9,6 метр болгон заманбап сахна алынды;

- узуну 1,10 метр жана туурасы 1,5 метр болгон 60 даана темир тосмолор алынды;

- 20 даана көргөзмө уюштуруучу шатерлер (шатры) орнотулду;

- эл отуруучу 200 даана отургуч алынды;

- балдар ойноочу аянтчалар 12 жерге орнотулду.

Ошондой эле Караколду жарыктандыруу боюнча иштер жасалып жатат.

«Түнкү жарыктандыруу боюнча акыркы жылдары алгылыктуу иштер жүрүп жатат. 4-5 жыл мурун болгону 860 көчө чырагы болсо, бүгүнкү күндө 400дөн ашык түнкү чырактар орнотулуп, көзөмөл жүргүзүү иштери жүрүп жатат. Быйыл шаарыбыздын 150 жылдыгына карата 1126 даана түстүү чырактарды орнотуу иштерин жүргүзүп жатабыз. Бүгүнкү күндө 500 даана чыракты орноттук.

Мындан тышкары Кыдыр аке көчөсүнө 9 метрлик мамылар 20 чырагы (эки тараптуу чырак) менен орнотулду. Жыл аягына чейин 30 даана ушундай эле мамыларды жаңы жасалган Кыдыр аке жолунун так ортосуна орнотобуз», - деп кошумчалады А.Абдыкеев.

Ошондой эле бир жылдан бери ишкана көп кабаттуу үйлөрдүн короолорун жарыктандырууда.

«2018-жылдан бери көп кабаттуу үйлөрдүн короолоруна да түнкү жарыктандыруу маселелерин чечип, чырактарды орнотуп жатабыз: Восход, Кашка-Суу, Абдрахманов, Тыныстанов көчөлөрүндөгү короолорго жалпысынан 240 чырак орнотулду. Быйыл 150 жылдыкка карата көп кабаттуу үй секторлорун толук жарыктандыруу максатында 126 даана темир мамыларды эки тараптуу чырактар менен орнотуу иштерин жүргүзүп жатабыз.

Ишкананын аймагына 10 түп Тянь-Шань балатылары, роза гүлүнүн көчөттөрү отургузулду. Кампаларды оңдоп-түзөө иштерин дагы жүргүзүп жатабыз.

Биз Каракол шаарынын тургундарынан 150 жылдык мааракеге активдүү катышып, шаардын тазалыгын сактап, колдоо көрсөтүүнү суранабыз», - деди А.Абдыкеев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×