Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Баткен облусуЛейлек району 25.06.2019 17:20

Суунун айынан чатак чыккан айыл: Баткендин Андарак айылындагылар көйгөйлөрүн көтөрүштү

Turmush -  Кечээ, 24-июнда Баткен облусунун жетекчиси Акрам Мадумаров Лейлек районунун Андарак айылына барды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, 8 миңге жакын жашоочусу бар Андарак айылы тоолуу аймакта орун алган. Жергиликтүүлөр негизинен дыйканчылык жана мал чарбачылык менен алектенишет. Жыл өткөн сайын аймакта сугат суу, жайыттын жетишсиздиги маселе жаратып келет. Учурда жай мезгили болгондуктан бул орчундуу маселе катары каралууда.

Облус башчысы аймактагы абал менен таанышып, элдин көйгөйүн укту. Айылдагы сугат суу, ичүүчү суу жана жайыт маселесинен улам буга чейин жергиликтүүлөр арасында пикир келишпестиктер орун алган. Бир катар мыйзам бузуулар да катталып, учурда тиешелүү органдар тарабынан тергөө иштери улантылууда.

Андарак айылына келген сугат суу жана ичүүчү суу айылдын башындагы Исфана токой чарбасын аралап өтөт. Токой чарбанын 27 гектар жери жергиликтүүлөргө ижарага берилген. Бүгүнкү күндө ижарага берилген айдоо жерлерине жашылчалар өстүрүлөт. Айылдыктар пикир келишпестиктерге сууну туура эмес бөлүштүрүү, суу пайдалануучулар ассоциациясынын түзүлбөгөндүгү себеп болгондугун айтып, көйгөйдүн негизи экендигин белгилеп, жергиликтүү бийликтин ишин сынга алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×