Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Нарын облусу, Нарын 25.06.2019 16:33 На русском

Нарын шаарында рулду башкара албай калган айдоочу мерт кетти

Turmush -  Нарын шаарында жол кырсыгынан айдоочу каза болуп, 4 адам ооруканага жеткирилди. Бул маалыматты аймактык кабарчыга Нарын ЖКККБдан тастыкташты.

Маалым болгондой, кечээ, 24-июнда саат 14:30 чамасында Нарын шаарынын чет жагындагы, тактап айтканда Борбордук Азия университети тараптагы Нарын—Баетов унаа жолунда «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдун четиндеги түркүктү сүзгөн. Анын кесепетинен кырсык болгон жерден айдоочу — 1989-жылы туулган Ч.К. каза тапкан. Жанындагы 4 жүргүнчү ар кандай жаракаттар менен Нарын облустук бириктирилген ооруканасына жаткырылды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, унааны айдоочу катуу ылдамдыкта башкарып бара жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×