Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 25.06.2019 15:13 На русском

Ысык-Көлдө жаштар бараткан унаа бакты сүзүп талкаланды. Каза тапкан жигит бөлүм башчынын уулу болгон

Turmush -  Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын жалпы жамааты маданият бөлүмүнүн башчысы Гүлнур Баякуновага уулу Темирлан жол кырсыгына кабылып, мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтышты.

«Гүлнур Баякуновага, үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Оор жоготуу болду. Сабыр кылыңыздар. Темирландын жаткан жери жайлуу, ыйманы саламат болсун», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Буга чейин Ысык-Көл районунда жол-транспорт кырсыгынан жигит менен кыз каза болгондугу маалымдалган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, 22-июнда болжол менен 19:00 чамасында «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу катуу ылдамдыкта кетип бара жатып, рулду башкара албай калган. Анын кесепетинен Кара-Ой айылынын кире беришиндеги бакты сүзгөн.

Аталган унаанын ичинде 4 адам болгон — эки жигит жана эки кыз. Алар Өрнөк айылынан келе жатышкан. Унааны Бишкек шаарынын 1995-жылы туулган тургуну М.Т. башкарып жүргөн. Жүргүнчүлөр — 1998-жылы туулган эки кыз дагы Бишкектин тургундары болушкан. Ал эми 1995-жылы туулган жигит Өрнөк айылынын тургуну болгон. Жабырлануучулар ооруканага жеткирилип, алардын арасындагы бир кыз ооруканада каза болгон.

Ал эми айдоочу 23-июнда эртең менен каза болду.

Учурда жол кырсыгы иликтенип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×