Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Баракелде, Дүйнө 25.06.2019 13:14

Москва шаарындагы нарындыктар футбол жана волейбол оюндарына түшүштү

Turmush -  Москва шаарында иштеп, жашап жаткан нарындык жаштардын арасында спорттун кичи футбол жана волейбол түрү боюнча мелдеш өткөрүлгөндүгүн мекендешибиз Эрнис Жээнтаев Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

Маалым болгондой, 23-июнда Москва шаарында иштеп жүрүшкөн Ат-Башы, Жумгал, Кочкор, Нарын жана Ак-Талаа районунун жаштары арасында спорттун волейбол жана кичи футбол түрү боюнча мелдеш өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталып, акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Кичи футбол боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү:

- 1-орунду Ат-Башынын командасы камсыздап, 10 миң сом жана кубок;
- 2-орунду Нарын районунун Куйбышев айылынын командасы ээлеп, 5 миң сом;
- 3-орунду Ата-Башынын 2 командасы багындырып, 3 миң сом менен сыйланышты.

Волейбол боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү:

- 1-орунду Ак-Талаанын командасы камсыздап, 10 миң сом жана кубок;
- 2-орунду Ат-Башынын командасы ээлеп, 6 миң сом;
- 3-орунду багындырган Кочкор районунун командасы 4 миң сом менен сыйланышты.

«Ай сайын Нарын облусунун жаштары чогулуп, Москвадагы нарындыктардын ынтымагын бекемдөө, бири-бирибизге колдоо көрсөтүү, жакындан таанышуу максатында спорттук мелдештерди өткөрөбүз. Мелдеште ар бир команда ортого каражат чогултуп, аны байгеге коюп алып ойнойбуз. Мунун бир чети ден соолугубузду чыңдоо болсо, бир чети эс алуу дегендей. Бир гана спорттук мелдештерде гана чогулбастан, көптөгөн иш-чараларда дагы чогулабыз. Жаңы келип, иш таппай жүргөндөргө жумуш таап берүү, айрым ооруп калгандарга жардам көрсөтүү жана башка максаттар менен чогулабыз.

Бир өкүнүчтүү жери, биздин Ак-Талаа районунун бул жакта иштеп жүргөн тургундары активдүү боло албай, көп чогула албай жатабыз. Ошондуктан, бул жакта жашаган ак-талаалык туугандарга айтарым, ушундай иш-чараларга активдүү катышып, оюн ойнобосо деле көрүүчү катарында келип турууну суранат элем. +89250698668 жана +89296604882 телефон номуру аркылуу байланышсаңар болот», - деди Э.Жээнтаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×