Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Чүй облусуСокулук району 25.06.2019 11:28

Аял менен байланышкан түшүнбөстүк: Депутатты сабаган шектүү кармалды. Окуянын чоо-жайы

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районундагы Төмөнкү Чүй айылдык кеңешинин депутаты Алмахмат Жороевди топ балдар сабап кетишти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга депутаттын туугандары билдирди.

Алардын айтымында, окуя Төмөнкү Чүй айыл өкмөтүндө кечээ, 24-июнда болжол менен саат 18:30-19:00 чамасында болгон.

Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, ушул жылдын 24-июнунда Сокулук РИИБдин Жаңы-Жер айылындагы аймактык милиция бөлүмүнө Төмөнкү Чүй айылында бир нече жаш балдар жергиликтүү тургунду ур-токмокко алгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган факт боюнча ыкчам тергөө тобу чыккан.

Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлерине 22 жаштагы жергиликтүү тургун А.Т. арыз менен кайрылып, 48 жаштагы Ж.А. аттуу атасын топ балдар сабап кеткендигин, жабырлануучу райондук аймактык ооруканага жеткирилгендигин билдирген.

Бул факт Жазык кодексинин 266-беренеси (бейбаштык) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүштүк иштер тергелип баштаган.

Сокулук РИИБдин криминалдык милиция бөлүмүнүн кызматкерлеринин жүргүзгөн иш-чараларынын негизинде 38 жаштагы М.З. аттуу жергиликтүү тургун кармалган. Ал сурак учурунда болжол менен 4 ай мурун өзүнүн аялы менен жабырлануучунун ортосундагы мамилени билип калып, аялы менен ажырышкандыгын билдирген. Ушул 4 ай аралыгында үй-бүлөлүк маселенин айынан аталган эки ​​ тургундун ортосунда кайым айтышуулар болуп келген. 24-июнда болжол менен саат 19:30 чамасында айылдагы көчөлөрдүн биринде жолуккан жабырлануучу менен шектүү кайым айтышып, андан соң 38 жаштагы М.З. 48 жаштагы Ж.А.нын денесине залал келтирген.

Шектүү

Кармалган тургун Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Азыркы тапта милиция кызматкерлери аталган окуяны объективдүү иликтөө үчүн тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп жатат. Окуяга катышкан тургундардын баары иштин бардык жагдайларын аныктоо үчүн Сокулук РИИБге жеткирилди.

Депутаттын агасы Аскат Жороевдин айтымында, жабырлануучу үй-бүлөлүү, 4 кыз жана 2 уулдун атасы.

«Мурда сабаган балдардын биринин аялына байланышкан түшүнбөстүк болгон. Бул жолу чыр эмнеден чыкканын билбейбиз. Кечээ иним айдоо аянттарына баруучу сууну текшерип, суу чарбанын жетекчиси менен отуруптур. Ошол маалда сабаган балдардын бири «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаа менен келип, «сизде сөз бар, өзүнчө барып сүйлөшөлү» деп алдап чакырып, унаасына отургузуп алып кетиптир. Жолдон «унаанын майы түгөндү» деп кайра «Хундай Портер» үлгүсүндөгү унаага салып, Төмөнкү Чүй айылынын этегиндеги айдоо аянтка алып барыптыр. Ал жакта бир унаада 4-5 киши күтүп отурушуптур. Иним унаадан түшкөндө эле сөзгө келбей, аркасынан каракушка лом менен чаап жиберишкен экен. Андан кийин баарылап темир буюмдар менен чапкылап, тепкилешиптир. Биз издеп, чакырып кеткен балдарды угуп, алардан сурасак «талаада жатат, таап алгыла» деп жооп беришти. Ошол айткан дарекке барып, инибизди унаага салып, ооруканага алып бардык. Сабап, андан кийин аңга ыргытып жиберишиптир. Азыр эмнеден улам мындай зөөкүрчүлүк кадамга барганын тактап жатабыз», - деди ал.

Сокулук райондук аймактык ооруканадан билдиришкендей, сабалган депутаттын абалы орто оор.

Ал учурда баш сөөктүн жабык түрүндөгү жаракаты, баш мээсинин чайкалышы, каракуштун тушунан алган жаракаты, оң капталындагы 5-6 кабыргаларынын сынышы деген диагноз менен дарыланып жатат. Азыр ага бардык медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×