Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Нарын облусу, Нарын 25.06.2019 10:07

Нарындагы дарыгерлердин илимий-практикалык конференциясы өттү

Turmush -  Нарын облусунун дарыгерлеринин илимий-практикалык конференциясы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга уюштуруучулар билдиришти.

«2016-жылы Кыргыз Республикасынын президентинин жана өкмөтүнүн иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасы мамлекеттик мекемесинин 70 жылдыгына арналган юбилейлик конференция өткөрүлгөн. Андан кийин 2018-2019-жылдары Ысык-Көл, Баткен, Жалал-Абад жана Ош облусундагы дарыгерлер үчүн уюштурулган.

Бул жолу Нарында өтүп, клиникалык оорукананын адистери телемедицина аркылуу Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын хирургия жана жандандыруу бөлүмдөрүн көзөмөлгө алышарын, жакынкы арада дарыгерлердин консилиуму өтөрүн, бейтаптарды онлайн режимде тейлөө күнүмдүк иш катары болуп каларын, региондордун дарыгерлери клиникалык ооруканадагы татаал операцияларга түздөн-түз катышып, квалификацияларын жогорулата алышарын айтышты. Ошондой эле учурда күчөп жаткан оорулар жана аларды дарылоо жолдору айтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×