Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Талас облусуТалас району 25.06.2019 09:09

Эл ичи — өнөр кенчи: Таластык Дүйшөнбек ата 5000 сомдон өйдө бааланган сүрөттөрдү тартат (сүрөт)

Turmush -  Талас районуна караштуу Беш-Таш айылынын 69 жаштагы тургуну Абдыкадыров Дүйшөнбек ата 5000 сомдон жогору бааланган сүрөттөрдү тартат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Өзүнүн айтымында, айылдык контордо 30 жыл сүрөтчү болуп иштеген. Сүрөт тартууга керектүү буюмдарды Бишкектен алдырат.

«1-класстан бери барак бетине сүрөт чиймелейм. Аскердик милдетти 1969-жылы Ленинграддан өтөгөм. Ал жакта жүргөндө дубал гезит чыгаруу боюнча 1-орунду алгам. Мага ошондо 15 күнгө эс алуу беришкен. Мени менен кызмат өтөгөндөр «аскерде 1 жылдан кыска убакыттын ичинде эс алуу деген болгон эмес, кайсы бир кыргыз келип, эс алуу алып жатат» деп чычалашкан. Кийин ленинграддык бир орус жигиттен темирдин бетине, жыгачка сүрөт тартканды үйрөнгөм. Сүрөтчүлүк исскуствонун көпчүлүк жагын ошол жигиттен өздөштүргөм. Аскерден келип, сүрөт боюнча окуу жайга барайын деген ойлор болгон. Бирок инилерим кичинекей болуп, аларга баш-көз болуп окубай калгам. Ошентсе дагы тубаса талантым менен жакшы сүрөттөрдү жаратып жатам. Айылдык контордо 1990-жылга чейин 30 жыл сүрөтчү болуп иштедим. Союз тараган соң пенсияга чыгып кеттим.

Сүрөтчүлүк тармак көп багытка бөлүнөт. Мен чет элдиктер суктанган жаратылышта чоңойгондуктан пейзажды көбүрөөк тартам. Ал эми портретти ким буйрутма берсе, ошол буйрутмага жараша тартам. Акыркы жолу жубайымдын портретин тарткам. Ошону менен портрет токтоп турат (күлүп). Пейзажды турган жерден эле тарта коём. Анда ойдогу фантазияны дагы чагылдырам. Бирок көрүп тарткан артыкчылыктуу болот. Пейзаж өлчөмүнө жана татаалдыгына жараша 5000 сомдон өйдө бааланат. Акыркы жолу жылкыларды тарткам. Ал Ысык-Көлгө сатылып кетти. Азыр буйрутмалар азайып бара жатат.

Дубалды ар кандай чаптамалар, колго жазып тартууну компьютер ээлеп калды. Бирок кол эмгекти баалагандар дагы жок эмес. Пейзажга буйрутма болуп турат. Үйрөнөм деп кызыккандар жокко эсе. Балким сүрөт сабагынан мугалим болсом көптү үйрөтмөкмүн. Мен графика, портрет, живопись, жыгачка сүрөт тартуу, айтор бардык түрүн алып жүрөм. Бирин дагы калтырбайм. Көбүнчө май сүрөттөрдү (масляное искусство) тартам, алар өчпөйт.

Үйлөрдүн шыптарын кооздоп сүрөт тартууга 1 айдан 2 айга чейинки убакыт кетет. Майда жумуш. Бирок ал менин жакшы көргөн ишим. Өз үйүмдө дагы шыптарды кооздоп койгонумдун пайдасы тийди (күлүп). Неберелерим ымыркай кездеринде шыптагы кызыл-тазыл сүрөттөрдү карашчу. Көрсө бала түстүү нерсени көрүп чоңоюшу керек экен. Ошондо фантазиясы күч болот экен.

1 уул, 3 кыздын атасымын. Неберелеримден сүрөт тарткан өнөрлүүлөр бар. Аларды сүрөт окуу жайында окутуп, таланттарын такшалтса деп калабыз», - деди ал.

Сүрөтчү аксакал уул-кыздарынан 16 неберелүү болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×