Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 25.06.2019 08:08

Кызыл-Кыядагы бош орундар жармаңкесинде 19 адамга жумуш сунушталды

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарында бош жумуш орундарынын жармаңкеси өттү. Бул тууралуу кечээ, 24-июнда мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чарага шаардагы кесиптик лицейлердин, орто мектептердин бүтүрүүчүлөрү, жумушсуз жүргөн 117 адам жана шаардагы 19 мекеме катышты. Анда бош 62 жумуш орун сунушталган. Жармаңкеге келген жумуш издөөчүлөр иш берүүчүлөрдөн кеңири маалымат алышты. Жыйынтыгында 19 адамга жумушка орношууга жолдомо берилди.

Андан кийин №8 жана №70 кесиптик лицейлеринде кыска мөөнөттүү ийримдерде окуп жаткан жумушсуз адамдардын арасында атайын сынак өттү. Жыйынтыгында «Мыкты тигүүчү» сынагында 1-орунду С.Таштемирова, 2-орунду Мамазаир кызы Мунара, 3-орунду Г. Жээнбаева ээледи.

«Мыкты кондитер» сынагында 1-орунду А.Сатыбалдиева, 2-орунду Б.Маматалиева, 3-орунду Урумбай кызы Айсулуу ээледи.

«Мыкты слесарь-сантехник» сынагында 1-орунду О.Садиханов, 2-орунду Б.Шерматов, 3-орунду М.Кыдыралиев ээлешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×