Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Талас облусуКара-Буура району 24.06.2019 16:00

Кара-Бууранын Бакыян айылындагы бүтүрүүчүлөр 5 миң сомдон сыйлык алышты (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Бакыян айылындагы Эшенаалы уулу Сейитбек атындагы орто мектептин 5 бүтүрүүчүсү 5 миң сомдон акчалай сыйлык менен сыйланышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл өкмөт башчысы Нургазы Асылбеков билдирди.

«Биздин мектепте жакшы окуп, артыкчылык аттестат менен бүткөн бүтүрүүчүлөргө жыл сайын демөөрчүлөр тарабынан акчалай сыйлыктар берилип келген. Быйылкы бүтүрүүчүлөрдөн 5 окуучубуздун ар бири 5 миң сом менен сыйланды», - деди ал.

Ал эми демөөрчүлүк кылган айыл тургуну Сатан Асылбековдун айтымында, буга чейин жакшы окуган окуучуларга сыйлык берүүнү убадалаган.

«Мен билимди эң бийиктикке коём. Жакшы окуп, кызыл аттестат менен бүткөн бүтүрүүчүлөргө жыл сайын акчалай сыйлык берем деп убада берген элем. Быйыл мектепте кызыл аттестат менен бүткөн бүтүрүүчүлөр жок болгондугуна байланыштуу жакшы окуп бүтүп жаткан 5 окуучуга 5 миң сомдон акчалай сыйлык бердим. Максатым — кийинки муундарга стимул болуу. Атайын мектепке деп жардам иретинде 25 миң сом акча берилди. Ал акча майда жумуштарга жана мектептин музейине жумшалат», - деди ал.

Сыйлык алган бүтүрүүчүлөрдүн бири Бекзат Эсенбеков сыйлык үчүн кубанып жаткандыгын белгиледи.

«Биздин мектепте жыл сайын жакшы окуган 3 бүтүрүүчүгө атайын демөөрчү акебиз тарабынан планшет берилчү. Быйыл Сатан акебизден 5 бүтүрүүчү 5 миң сомдон сыйлык алдык. Биз үчүн жакшы сыйлык болду. Бизди көргөн кийинки класстын окуучулары да жакшы окуп, акчалай сыйлыктарга ээ болот деп ишенем.

Жалпы республикалык тестирлөөдөн мектеп боюнча эң көп упайды мен алдым. 188 упайга ээ болдум. Өтө сүйүнүп турам. Азыркы учурда 2 окуу жайды тандап жатам. Келечекте жакшы кесиптин ээси болом деп ишенем», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×