Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Талас облусуТалас району 25.06.2019 08:30

«Здравствуйте, кыргыз көпкөндө орусча сүйлөйт»: Бул орус кыргызча катыра ырдайт экен. Сабира апа

Turmush -  Талас районуна караштуу Беш-Таш айылынын 64 жаштагы тургуну Назаралиева Сабира апаны тааныбагандар орус деп ойлошот. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районуна караштуу Калба айылында төрөлгөн. Жаш кезинен апасына окшош.

«Калба айылындагы мектепти бүтүп, 20 жылдан ашык саанчы болуп иштегем. Илгери малчыларга, сакманчыларга ырдап жүрчүмүн. Маданият үйүнөн фермер үй-бүлөлөргө барып концерт койчу элек. Ошондо көптөр «бул орус кыргызча катыра ырдайт экен» деп бериле карашчу.

Жолдошум Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз деген жеринен. Трактор айдап, элге бир топ жыл кызмат кылган. Учурда дыйканчылык менен алектенет. Алгач таанышканыбызда ал дагы таң калган. Ага «ал жакка (Ысык-Көлгө) барбайм, сен бул жакка кел» дедим. Сүйүү экен, 32 жылдан бери бирге түтүн булатып келебиз.

Акыркы 9 жылдан бери коңшу Беш-Таш айылында дүкөн ачып, элимди керектүү азык-түлүктөр менен камсыздап жатам. Эл менен иштешкендиктен кызыктуу көз ирмемдер көп болот. Көпчүлүк мага кызыгып, өзүм жөнүндө сурашат. Мен суроосуна жооп берип, кайра өзүнө суроо берип койсом, башы тегеренип калат (күлүп). Тааныбагандар дүкөнгө кирип келип эле бир карап алат да, орус экен дешип «здравствуйте» деп учурашат. Мен «ассаламу алейкум» деп койсом таң калышат. Орус тилин жакшы билбегендер келип калышса сөздү майдалап түшүндүргөнгө аракет кылышат (күлүп). Аягында «кыргызча эле сүйлөй бер» дейм же «мен орусча түшүнө албайм, кыргызча сүйлө» деп тамашалап коём. Орусча сүйлөп кирген кыздарга «кыздар, силер жаман көрбөгүлө, кыргыз көпкөндө орусча сүйлөйт» деп койсом, «сиз патриотсуз го» деп калышат. Андан ары маек улабагандар, бул жердеги орус кыргызчаны жакшы сүйлөйт экен деп кете беришет да (күлүп).

Азыркыларга караганда салт-санааны жана кой жиликтегенди жакшы билем. Бир тойдо кыргыздын унутта калып бара жаткан сөздөрүнүн чечмеленишин айтыш керек болду. Мен чыгып чечмелеп берип, 1000 сом байге уткам. Тааныбагандар орус мыкты билет экен деп калышкан (күлүп), - деди ал.

Сабира апа 3 кыз, 2 уулдун энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×