Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Нарын облусуКочкор району 24.06.2019 15:01 На русском

Түспөлдөш: Анаркүл Кыдырбаеваны кочкорлуктар ырчы Динара Акуловага окшоштурат. Сүрөт

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районунда жашап жаткан Анаркүл Кыдырбаеваны кочкорлуктар кыргыз эстрада ырчысы Динара Акуловага окшоштурушат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Анаркүл Кыдырбаева Кочкор районунун Кочкор айылында 1965-жылы жарык дүйнөгө келген. Ал райондун борборундагы мектепти аяктап, мамлекеттик кызматта эмгектенген. Кийинчерээк соода-сатык менен алектенип баштаган.

«Мамлекеттик жумушта иштеп жүрдүм. Ал кийин жоюлуп кетти. 1997-жылдардан тартып Кочкордун борборундагы базарда иштеп баштадым. Мени тааныгандардын баары эле эстрада ырчысы Динара Акуловага окшоштурушат. Айылда турган жашоочулар керектүү буюмдарын алдырып же карыз акчасын бирөөдөн берип жиберишсе «Динара Акуловага берип кой же Динара Акуловадан аласың» дешет», - дейт Анаркүл Кыдырбаева.

Анын айтымында, күйөөсү Кочкор районундагы «Гүлгүн жаш» тобунда ырдачу.

«Күйөөм жаш кезинде Динаранын күйөөсү Абдумаликке окшош болчу. Бир жолу Динара Кочкорго концерт коюп келгенде «сени Динарага жолуктурабыз, сахнага алып чыгабыз» деп аракет кылышты. Бирок мен көңүлдөнбөй койгом. Азыр балдарым Динара Акуловага жолуктурабыз деп калышат. Бул буйруктан болот», - деди ал.

Анаркүл Кыдырбаева 3 баланын энеси жана «Кыргызстандын ардактуу айымы» аталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×