Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ош облусу, Ош 24.06.2019 13:20 На русском

Күйөөсүн тээп, кайра өзү сабоо жеген жаш келин курсагындагы баласынан айрылган

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ушул жылдын 18-июнь күнү Ош шаардык соту жубайын сабап, Жазык кодексинин 138-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Ден соолукка оор зыян келтирүү) негизинде айыпталган Мырзабектин (аты өзгөртүлдү М.К.М.) кылмыш ишин карады. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Айыпталуучу Мырзабек 1991-жылы 21-декабрда Ош шаарында туулган, эч жерде иштебейт, мурда соттолгон эмес. Ушул жылдын 7-майында камакка алынган.

Ал 2-май күнү саат 12:00 чамасында Ош шаарындагы Масалиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батиринде өзүнүн кош бойлуу жубайын – 1995-жылы туулган Аянаны (аты өзгөртүлдү, М.А.) себепсиз ур-токмокко алып, ден соолугуна оор зыян келтирген. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна караганда, анын кесепетинен Аяна боюндагы 3 айлык ымыркайынан ажыраган.

Сот отурумунда Мырзабек өзүнүн күнөөсүн мойнуна алган. Анын айтымында, ал окуя болгон күнү достору менен футбол көрүп, саат 5:00дө үйүнө келип жаткан. Жубайы «кайда жүрдүң?» деп сураганда достору менен футбол ойноп келгенин айткан. Жубайынын ачуусу келип тилдеп баштаганда Мырзабек аны бир чаап, өзү жатып алган. Андан кийин жубайы жамбашына катуу тепкенде Мырзабек аны сабаган. Айыпталуучу жубайын чачынан кармап сүйрөбөгөндүгүн айтып, жамбашына катуу тепкенде ачуусу келгендигин билдирген. Ал буга чейин жубайы экөө жакшы жашап, бала күтүп жүрүшкөнүн кошумчалады. Жубайы Россиядан унаа менен келгенде «бала козголуп калды» деп дарыланган. Мырзабек сабагандан эмес, ошол козголгондон кийин боюнан түшкөн деп ойлоп жатканын айтты. Ал соттон жеңил жаза берүүнү өтүндү.

Сот отурумунда жабырлануучу Аяна дагы 2-май күнү жолдошунан «кайда жүрдүң?» деп сураганда, достору менен футбол көргөнүн айтканын тастыктады. Анын айтымында, жолдошуна «бала ооруп жатат, жардам бербейсиңби?» дегенден кийин уруш чыккан. Жолдошу анын бетине тээп, чачынан кармап сүйрөгөн. Ал эсин жоготуп, кайра өзүнө келгенде кийимдерин алып, үйүнөн качып чыккан. Милицияга барып арыз жазып жатканда кан келе баштаганын сезген. Ошол жерден кайра эсин жоготуп, аны тез жардам кызматы менен оорукананын төрөт бөлүмүнө жеткиришкен. Аянанын айтымында, жолдошу мурда дагы уруп жүргөн. Бирок жубайлардын ортосунда бир бала болгондуктан эч жерге кайрылган эмес. Арак ичпесе урбай калат деп ойлогон. Жабырлануучу кош бойлуу кезинде Россиядан унаа менен келип, «бала козголуп калды» деп 5-апрелде дарыланып, жакшы болгонун билдирди. Ал баласынан ажырап калганына жолдошун айыптап, соттон аны мыйзам чегинде жазалоону суранды.

Сот отурумунда күбө катары суралган М.П.нын айтымында, окуя болгон күнү саат 16:00 чамасында Аяна анын үйүндө ыйлап отурган. Ал «эмне болду?» деп сураганда жабырлануучу жолдошу сабаганын айткан. Экөө милицияга арыз жазганы барып, ошол жерден Аянаны тез жардам менен ооруканага жеткиришкенин, дарыгерлер ур-токмоктун кесепетинен баласынан ажыраганын айтышканын кошумчалады.

Аянага соттук-медициналык экспертиза жүргүзгөн дарыгер 3-май күнү жабырлануучуга кароо жүргүзүп жаткан учурда бети көк ала болгонун билдирди. Анын айтымында, Аянанын боюндагы бала 10-11 жумалык болчу. Дарыгер экспертизанын жыйынтыгында чыгарылган корутундуну туура деп эсептей турганын айтты.

Сот отурумунда шектүүнүн апасы дагы суралды. Ал 5-апрелде келини Россиядан келгенден кийин текшерилген УЗИнин жыйынтыгынын көчүрмөсү бар экенин билдирип, анын боюнан бала козголуп калгандыктан түшкөнүн ойлоп жатканын кошумчалады.

Жыйынтыгында Ош шаардык соту айыпталуучу Мырзабекти күнөөлүү деп таап, аны 5 жылга эркинен ажыратты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×