Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Чүй облусуАламүдүн району 24.06.2019 12:42 На русском

Аламүдүндө 16 жаштагы кыз өзүн телефонго сүрөткө тартып жатып сууга агып кетти. Видео

Turmush -  Кечээ, 23-июнь күнү Аламүдүн районуна караштуу Аламүдүн суусуна 16 жаштагы кыз агып кетти. Бул тууралуу Turmush басылмасына ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Д.И. аттуу кыз сууга агып кеткен. Аны издөөгө ӨКМден жалпы 66 куткаруучу, жергиликтүүлөрдөн 30 адам, райондук ички иштер бөлүмүнөн 5 кызматкер тартылган. Издөө иштери бүгүн да улантылып жатат.

Алдын ала маалыматтарга караганда, ал кечки саат 19:00 чамасында өзүн телефонго сүрөткө тартып жатып сууга кулап кеткен.

«Биз аны түнү менен издедик. Бирок суу шар агып жатат. Мен аны суу агызып бара жатканын өз көзүм менен көрүп калдым. Тегеректе 15ке жакын киши бар болчу. Бирок эч ким куткара алган жок. Суу катуу агызып кетти», - деди күбөлөрдүн бири.

Кыз сууга кулап кеткен жер


Кийинчерээк ӨКМ кыздын денеси 23-июнда саат 13:00 чамасында табылгандыгын кабарлады. Ал сууга аккан жерден 1 км алыстан табылган. Куткаруучулар денени суудан алып чыгып, андан аркы иштер уланууда.

WhatsApp Image 2019-06-24 at 15.08.08

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×