Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Нарын облусуАт-Башы району 24.06.2019 11:58 На русском

Айыл турмушу: Ат-Башыдагы бир үй-бүлөгө таандык табышмактуу сандар

Turmush -  Ат-Башы айылынын 50 жаштагы тургуну Нурлан Набиев үй-бүлөсүнө байланыштуу сандарга таң калып келет. Ал аймактык кабарчыга табышмактуу сандар тууралуу айтып берди.

Нурлан Набиев 1969-жылы 2-июлда Ат-Башы айылында туулган. Үй-бүлөдө 7 бир туугандын кичүүсү. Апасы менен атасынын жакындары уста болгондуктан техникага, устачылыкка жакын болуп чоңойгон. Кийин өз алдынча унаа оңдогонду үйрөнүп, 10 жылдан бери унаа оңдоочу жайды иштетип, ат-башылыктарга кызмат кылып келет.

«Атам Ат-Башыдагы «Чума» мекемесинде айдоочу, апам мугалим болуп өмүр бою эмгектеништи. Үйдө 7 бир туугандын эң кичүүсү болгондуктан ата-энебиз менен айылда калганбыз. Кесибим гидроэнергетик. Бирок ал кесибим менен иштеген жокмун, диплом окууну бүткөндөн бери катылып турат.

Бала кезимде техникага жакын болгондуктан унаалардын ачкычтарын көп кармай берчүмүн. Атамдын унаасын оңдой калмай жагым бар болчу. Негизи ата-тегим жыгач усталар, ал эми апам тарап темир усталар болчу. Эки тарап тең таасирин берди окшойт. Өз алдымча үйрөнүп, өркүндөтүп кеттим. Үйдөн унаа оңдочубуз, 2010-жылдан баштап атайын унаа оңдоочу жай ачтык. Патент алып, Майрамбек Айсаракунов деген бала экөөбүз иштеп келе жатабыз. Иштөө убактыбыз күнүгө эртең менен саат 8:30да башталып, акыркы кардар кеткенге чейин тейлейбиз. Кишилер көп келет. Ат-Башыда 8 унаа оңдоочу жай бар. Унааны оңдоодо Ат-Башыда атайын тариф бар, баары бир баада. Мисалы, 1 тетигин алмаштыруу үчүн 200 сом болот. Биздин баалар Бишкекке салыштырмалуу 3 эсе арзан. Биз унаа оңдоп жатканда эч шашпай, дыкаттык менен иштейбиз», - деди ал.

Мындан сырткары Нурлан Набиев спорт менен тыгыз байланышта. Футбол боюнча 5 жолу райондун «Мыкты оюнчу» наамын алган. Командасы менен көптөгөн ийгиликтерди жаратып келет.

«Хоббим — спорт. Спорттун бардык түрүн жакшы көрөм. Өзгөчө футболго жакын болгондуктан балдар менен көп ойнойбуз. Кайсы жерде футбол боюнча мелдеш болсо, команда менен кете беребиз. Бишкекте жыл сайын «Наристе» турнири болот. Бул жылы 1-орунду жеңип алдык. «Ат-Башы ынтымагы» турниринде 5 жолу «Мыкты оюнчу» наамын алдым. Жалпы жонунан 30 медаль бар», - деди ал.

Спорттон сырткары үйүнөн мал чарба менен алектенип, 4,5 гектар жерин уулу менен иштетип келет. 1 уул, 1 кыз жана 1 небереси бар.

«Жубайым экөөбүз атайын датаны белгилебей эле үйлөнгөнбүз. Документибизди карасак, 1991-жылдын 12-айында жана 12-күнүндө үйлөнүптүрбүз. Уулум 1992-жылдын 10-айында жана 10-күнүндө, кызым 2005-жылдын 4-айында жана 4-күнүндө, неберем 2018-жылдын 8-айында жана 8-күнүндө төрөлүштү. Ушул даталарга таң калып келебиз. Үй-бүлөбүздөгү жаман окуя — атам быйыл 91 жашка чыгып каза болду. Ал кишини жоготуу бизге өтө оор болду. Сасык тумоо болуп, оорусу күчөп кетти», - деди ал.

Келинчегим экономист, уулум юрист, келиним эсепчи, кичүү кызым быйыл 8-класска көчтү. Жалаң «5» деген баага окуйт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×