Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Чүй облусуМосква району 24.06.2019 11:46

Чүйдөгү Крепостное суу сактагычынан 28 жаштагы адамдын денеси табылды

Turmush -  Москва районунун Беловодское айылындагы Крепостное суу сактагычында эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 102 кызматына суу сактагычда 1991-жылы туулган П.Н. аттуу адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Куткаруучулар жерине барып, аны суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Милициянын маалыматына караганда, ал сууга 19-июнда мас абалда чөгүп кеткен.

attention

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×