Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Баткен облусуКадамжай району 24.06.2019 10:06 На русском

Кадамжайдагы каналга агып кеткен кыздын денеси 10 км алыстыктан табылды. Видео

Turmush -  22-июнда Кадамжай районунун Кайтпас айылындагы каналга агып кеткен 12 жаштагы кыздын денеси кийинки суткага караган түндө табылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга ӨКМдин Кадамжай районундагы бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, 2007-жылы туулган Т.А. аттуу кыз саат 16:00 чамасында Кайтпас айылындагы Сох-Шаймаридан каналына түшүп жатып агып кеткен. Жеринде издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн ӨКМден жалпы 45 куткаруучу тартылып, издөө иштери түн киргенине байланыштуу саат 21:30да убактылуу токтотулган. Бирок орчундуу жерлерге күзөтүү үчүн куткаруучулар коюлган. Каналдын суусун тосуп, куткаруучулар кыздын жансыз денесин ал агып кеткен жерден 10 чакырымга жакын алыстан табышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×