Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Нарын облусуАк-Талаа району 24.06.2019 08:57

Ак-Талаада обончу К.Рыскуловдун бюсту орнотулду

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Тилек айылында обончу жана аткаруучу Калмурат Рыскуловдун бюсту орнотулуп, ачылыш аземи белгиленгендигин аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 23-июнь күнү аталган айылдын тургуну Мирбек Райымовдун демилгеси жана демөөрчүлүгү менен К.Рыскулов атындагы айылдык клубдун алдына обончунун бюсту тургузулду. Анын ачылыш аземине акимдин орун басары Кенжегүл Карагулова, төкмө акын Азамат Болгонбаев, ырчы Токтобек Асаналиев, манасчы Рысбай Исаков, акын Мирлан Самыйкожо, айыл өкмөт башчысы Эрмек Айыпов, обончунун достору, туугандары жана жергиликтүү тургундар катышты. Ачылыш аземдин жүрүшүндө К.Рыскуловго багышталып куран окулуп, анын өмүрү, чыгармачылык жолу туурасында баяндама жасалып, обончуга таандык чыгармалар аткарылды жана жергиликтүү тургундарга чакан концерттик программа тартууланды.

Андан сырткары обончунун туугандары тарабынан айылдык клубга керектүү жабдыктар тапшырылса, ал эми бюсту орноткон Мирбек Райымовго айыл өкмөттүн жана айылдык кеңештин ыраазычылык каты ыйгарылды.

К.Рыскулов 1974-жылы 18-октябрда Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылында туулган. Ал саяктын чоң чарык уруусунан чыккан. 1991-жылы орто мектептин аттестатына ээ болгондон кийин Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине тапшырган. 1992-жылы 1-курста окуп жүргөндө акын Сооронбай Жусуевдин «Кыялды кантип тыямын» аттуу ырына обон жараткан. Ошондон баштап «Оо, анда көктөм эле», «Ат-Башым», «Өмүрдөгү бийиктик», «Өкүт ыры», «Ата Журт», «Кайран күкүк, кайран мен», «Боогачың сенин болоюн», «Адамдарга кайрылуу», «Издеп келем», «Канышай» жана башка 50гө жакын ырларга обон жараткан. Калмурат Рыскуловдун чыгармачылык кечеси 2004-жылы 24-майда Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өткөн. 2004-жылы 3-ноябрь күнү каза болгон.

Тема боюнча: Тарых инсаны: Жарк этип күйүп, кайра жалп өчкөн ак-талаалык К.Рыскуловдун таланты жана тагдыр

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×