Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Нарын облусуЖумгал району 23.06.2019 18:17

Тагдыр: 2 баланын атасы А.Сарыгулов боорунун 80% алдырып, азаптуу оору менен алышууда (сүрөт)

Turmush -  Жумгал районунун Таш-Дөбө айылынын 32 жаштагы тургуну Азатбек Сарыгулов боорунун 80% алдырып, башынан оор 3 операцияны өткөрдү. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Маалым болгондой, ал 2010-жылдан бери альвеококкоз оорусу менен алышып келет. Алгач 2010-жылы боорунун 80% алдырган. Андан бери бир топ операцияларды башынан өткөрдү.

Азатбектин эжеси Айзада Сарыгулова инисинин абалы тууралуу коомчулукка кайрылып, жардам сурап келет.

«Канчалаган каражат жумшап өмүрүн сактап калууга аракет кылып келебиз. Улам туугандардан, досторунан чогулган каражатка оор операцияларды жасаттык. 2018-жылдын июль айында да оор операция жасалды. Кан таппай өзүбүз кошо тапшырып, классташтарынын жардамы менен дагы өмүрүн сактап калдык. Кайра 2019-жылдын март айында дагы ооруп, төшөктөн тура албай жатып калды. Анда да бир да оорукана албай, ары түртүп, бери түртүп жатып араң М.Мамакеев атындагы улуттук хирургия борборуна жаткырдык. Ал жактан «диагноз биздики эмес» деп ары-бери жиберип жатып, акыры онкологиянын кургак учук бөлүмүнө жатып, 2 омурткасын алмаштыруу боюнча операция жасалды. Андан кайра 2 ай өтпөй көк боор чоңоюп, шишик болуп, оор абалда ооруканага түшүп калды. Ошондон бери ооруканада. Эми акыркы үмүт чет мамлекеттен операция жасатуу болуп турат. Операцияга көп сумма талап кылынат экен, биздин каражатыбыз жетпейт. Индияга барып дарыланып келгендерден кеңеш алып, биз да ошол жактан дарыланып келсекпи деп сүйлөшүп жатабыз. Биздин буга каражатыбыз жетпейт, коомчулуктан колдоо сурайбыз», - деди ал.

Азатбек үй-бүлөлүү, 2 баласы бар. Ал убактылуу Бишкекте батирде жашап келген. Келинчеги да, өзү да эч жерде иштешчү эмес. Айылга барып жашоого, айылдын абасы жакпай келет. Жардам берүүнү каалагандар эжеси Айзада Сарыгуловага 0700 93 42 24 номуру, досу Мирболотко 0555 83 89 88, 0704 73 60 65 номурлары аркылуу байланышса болот.

Мындан сырткары төмөнкү банктык даректер аркылуу жардам которсоңуз болот.

Алуучу: ААК «РСК Банк»

БИК: 129028

Алуучунун банкы: «РСК Банк» Чаек филиалы. Чаек айылы.

Эсеп: 1290287910000092

Төлөмдү дайындоо: Аписова Жыпариса Сеиткановна

Карталык эсеп: N 000001515830

Элсом: 0709604222

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×