Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Жалал-Абад облусуНоокен району 22.06.2019 16:01 На русском

Катуу коркуп калган: Жерде-Айгыр жайлоосунда жоголгон 2 жашар бала 1 күндөн кийин токойдон табылды. Видео

Turmush -  20-июнда Ноокен районунун Жерде-Айгыр жайлоосунан жоголгон 2 жаштагы И.Р. аттуу бала 21-июнда табылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бала 20-июнда саат 14:30 чамасында жоголгон.

«Окуя болгон күнү наристенин жакындары өз алдынча издеп, бирок майнап чыккан эмес. Эртеси 21-июнь күнү Майлуу-Суу ШИИБге кайрылышкан. Милиция тарабынан издөө иштери жүргүзүлүп, ШИИБдин өздүк курамы кылдаттык менен токойлорду, суу бойлорун, тоо-таштардын араларын текшерип чыгышкан. Издөө иштерине ӨКМдин кызматкерлери жана жайлоодогу адамдар да тартылган. Натыйжада бала 21-июнь күнү кечки саат 17:30 чамасында ата-энеси отурукташкан аймактан 5 км алыстыктан табылды. Бала сайдын боюндагы токойдо жалгыз катуу коркуп калган абалда болгон. Анын ден соолугуна медициналык кароо жүргүзүлүп, кечки саат 22:00 чамасында ата-энесине өткөрүлүп берилди», - деп айтылат маалыматта.

Ал эми ӨКМден маалыматына караганда, баланын жакындары куткаруучуларга 21-июнда саат 12:30 чамасын маалымат беришкен. ӨКМдин, милициянын жана жергиликтүү тургундардын издөө иштеринен жыйынтыгында бала 21-июнда саат 17:50 чамасында табылган. Ал жашаган чатырынан 5 чакырым алыстыкта сай бойлоп бара жаткан жеринен табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди. Учурда ден соолугу жакшы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×