Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 22.06.2019 10:06 На русском

Кара-Көлдө 3 жаштагы бала апасы тамак жасап жаткан учурда мерт болду

Turmush -  20-июнда Кара-Көл шаарында 3 жаштагы бала 4-кабаттагы батирдин балконунан кулап каза болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, 2016-жылы төрөлгөн К.Б. 4-кабаттагы батирдин балконунда ойноп жатып, кокусунан жерге кулап кеткен. Ал шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, бирок алган жаракаттарынан улам каза болгон. Окуяны териштирүү учурунда баланын апасы Б.Г. ошол учурда ашканада тамак жасап жатканы аныкталган. Каза болгон баланын туугандары окуяны кокустук деп, арыз жазуудан жана соттук-медициналык экспертизадан баш тартышкан.

Каза болгон бала 4 бир туугандын кенжеси болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×