Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ош облусуАраван району 21.06.2019 13:10 На русском

Баш кошконуна 1 ай боло элек: Араванда жаш жубайлар сууга агып кетти

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кечээ, 20-июнь күнү Араван районунун Нур-Абад айыл өкмөтүнө караштуу Кайрагач-Арык айылынын эки тургуну Түштүк Фергана каналына агып кетти. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттөн аймактык кабарчыга билдиришти.

Маалыматка караганда, Түштүк Фергана каналына агып кеткен эки тургун жубайлар болушкан. Окуя саат 11:00 чамасында болуп, кокустан сууга түшүп кеткен жубайын куткаруу үчүн жолдошу кошо секирген. Бирок жубайын куткарып жатканда анын тарамышы түйүлүп, ошол жердеги топ балдардан жардам сураган. Бир жигит жардам берүү үчүн колун сунганда, жубайлар аны да сууга тартып кетишкен. Бирок колун сунган жигит кайра жээкке чыкканга жетишкен.

Ал эми сууга чөккөн жубайлар ушул айдын башында баш кошушкан. Жолдошу Нур-Абад айыл өкмөтүнө караштуу Кайрагач-Арык айылынын 27-28 жаштагы тургуну болсо, келинчеги Ош шаарынын тургуну болгон.

Түштүк Фергана каналынын суусу Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычынан агып келет. Ал Араван району аркылуу Өзбекстанга агып кетет. Нур-Абад айыл өкмөтү чыгышынан Өзбекстандын Булак-Башы, батышынан Мархамад айылдары менен чектешет.

Turmush басылмасы 20-июнь күнү сууга агып кеткен жарандарды жеринде издөө ишин жүргүзүү үчүн ӨКМден жалпы 22 куткаруучу, ИИМден 20 кызматкер тартылганын жазган.

Бүгүн, 21-июнь күнү дагы издөө иштери улантылууда. ӨКМдин Кризистик кырдаалда башкаруу борборунун кызматкерлери тарабынан Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине издөө иштерине көмөктөшүү жөнүндөгү кат жолдонду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×