Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Талас облусу, Талас 23.06.2019 11:00

Өзгөчө ысым: А.Жоробекова ысымына ишенбегендерге документин көрсөтүп ишендирет (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 19 жаштагы тургуну Адаш Жоробекова ысымына ишенбегендерге документин көрсөтүп ишендирет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ысымын атасы койгон.

«Менден улуу 2 эжем бар. 3 кыз катары менен болгондон соң кийинкиси адашып бала болсун деп мага Адаш деген ат коюшуптур. Ата-энеме «Эмне үчүн ушундай кылып өзгөчөлөп койгонсуздар? Уулболсун же Жаңыл дегендей койбойт белеңиздер» деп айтчумун. Башында өзүмдүн атым өзүмө жакпай, алмаштыргым келчү. Азыр көнүп калдым. Тескерисинче атам койгон ысым сейрек кездешкен ат деп мактануу менен айтып калдым. Атымды туура айта албай эле Анаш, Андаш деп айтып же жазып убара тарткандар дагы жок эмес. Кээ бирлер «диндин негизинде коюлган атпы?» дешет. Ким болбосун жаңы таанышканда сөзсүз атымды кайталап сурашат. Түшүнбөй сурашкандарга 2-3 жолу кайталап айтам. Атымды бир уккандар «Чын эле Адашпы, калп айткан жоксуңбу? Бизди жолуңан адашып кете берчи дегендей тамашалап жатасың. Ушундай дагы ат болобу?» деп сурашат. Ал эми улуу муундагылар бир укканда түшүнөт. Менден кийин уул төрөлгөндүгүн сурашат (күлүп).

Бир туугандарымдын аттары элдикиндей болуп уйкаш эмес. Эжелеримдин аттары Раушан, Самара, анан мен. Инибиздин аты Нурдөөлөт. Атым кыска болгондуктан үйдөгүлөр толук эле айтышат. Орус мектепте окугандыктан классташтарым Даша деп коюшат. Колледжде тайпалаштарым дагы Даша деп аташат.

Мурда атам базарда иштейт эле. Ал жакта атама жардам берип жүрсөм жаныбыздагы сатуучу эже мени биринчи жолу көрүп, атымды сураган. Жооп берсем аябай таң калып, ишенбей койгон. Капа болуп калбасын деп эртеси күбөлүгүмдү алып келип көрсөтүп ишендиргем. Азыр дагы таң калгандарга документимди көрсөтүп коём», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×