Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 21.06.2019 10:25 На русском

Эне-баланын бычакталышы: Интернетке канга булганган шымчан кишинин качып бараткан сүрөтү тарады

Turmush -  Акча алмаштыруучу жайга ээлик кылган аялдын уулу менен кошо өлтүрүлүшүнө байланышы болушу мүмкүн делген эркек адамдын сүрөтү социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатат.

Айрым маалыматтарга караганда, эркек киши «Южный» кооперативиндеги дачалардын бирине орнотулган видеокамерага түшүп калган. Анын боюнун узундугу 160-180 см чамалуу, арык чырай киши болгон. Социалдык түйүндөрдө тарап жаткан сүрөттөн аталган эркек киши бет кап, кара көз айнек тагынып жана канга булганган көк түстөгү жинсы шым кийип жүргөнүн көрүүгө болот.

Учурда эне-бала өлтүрүлгөн жер бекитилген. Ошондой эле укук коргоо органдары маркумдун акча алмаштыруучу жайын дагы мөөр менен бекитишти.

Киши колдуу болгон маркумдар бүгүн, 21-июнда жерге берилет.

Буга чейин Кара-Балта шаарында денеси табылган эне-балага бычак менен кол салынганы маалымдалган.

Чүй ОИИББдин маалыматына караганда, 19-июнь күнү болжол менен саат 17:45 чамасында Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмчөсүнө 30 жаштагы З.А. телефон чалып, Кара-Балта шаарына жакын жайгашкан дачалардын биринде бет кап кийген белгисиз адамдар анын жолдошуна жана кайын энесине бычак менен кол салышканын билдирген.

Окуя болгон жерге Жайыл РИИБдин ыкчам тергөө тобу барып, болжол менен 50-55 жаштагы аял кишинин жана 25-30 жаштагы эркек кишинин денесин табышкан. Аларга сырттан кароо жүргүзгөндө киши колдуу болуп каза болушканы аныкталган. Кийинчерээк каза болгон жарандар Кара-Балта шаарынын тургундары — 53 жаштагы М.С. аттуу аял жана анын 31 жаштагы уулу М.А. экендиги белгилүү болгон.

Аталган окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Кылмыштын бетин ачуу үчүн Чүй ОИИБдин жана Жайыл РИИБдин тажрыйбалуу кызматкерлеринен ыкчам топ түзүлүп, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө жана экспертизалар дайындалды.

Turmush басылмасы 19-июнда Кара-Балта шаарынын жогору жагында дачалар жайгашкан аймакта 2 адамдын денеси табылганын жазган. Каза болгондор эне-бала болушкан.

Жай мезгилинде маркум аял багбанчылык иштерин жүргүзүү үчүн аталган үйүнө келип, жер-жемиштерди өстүрчү.

Белгилүү болгондой, аялдын артына 6 жолу, ал эми уулунун көкүрөк тушуна 5 жолу бычак сайылган.

М.С. (маркум аял) Кара-Балта шаарында акча алмаштыруучу жайдын жетекчиси болгон. Бул ишмердүүлүктү жүргүзүү үчүн лицензия Улуттук банк тарабынан 2017-жылы 27-октябрда берилген. Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, ЖЧКны уюштургандардын арасында дагы эки жаран бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×