Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Нарын облусуЖумгал району 21.06.2019 09:52

Жумгалдын 22 спортчусу республикалык спартакиадага жолдомо алышты

Turmush -  Жумгал районунда «Дени сак улут — өнүгүп жаткан өлкө» ураанынын алдында жыл сайын өтүүчү республикалык спартакиаданын тандоо туру уюштурулду.

Тандоо туру райондун Миң-Куш, Байзак, Чаек айылдарынын спорт мекемелеринде өткөрүлүп, ага облустун 5 районунан 500гө чукул спортчулар келип катышты. Алар спорттун 10 түрү менен ат салышкан.

Жалпы команда боюнча 1-орунду Жумгал району, 2-орунду Нарын, 3-орунду Кочкор, 4-орунду Ат-Башы жана Ак-Талаа райондорунан келгендер камсыз кылышты.

«Бул жетишкендик райондо биринчи жолу катталууда. Райондон 22 спортчу Чолпон-Ата шаарындагы республикалык спартакиадага жолдомо алышты. Айрым айылдарда улгайган энелер да спортко тартылып, күч сынашты», - дейт спорт куратору Рахат Абышов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×