Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Нарын облусуАк-Талаа району 20.06.2019 18:28

Ак-Талаанын Чолок-Кайың айылында уюштурулган мелдештин жеңүүчүлөрү сыйланышты

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылындагы аймактык милиция бөлүмү тарабынан жаштар арасында футболдук мелдеш уюштурулуп, жеңүүчүлөр акчалай сыйлыкка ээ болушкандыгын аталган бөлүмдүн башчысы Алманбет Керимов билдирди.

Маалым болгондой, айылдагы жаштарды спортко тартуу, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында өткөн мелдешке Чолок-Кайың айылындагы аймактык милиция бөлүмүнүн жетекчилиги демөөрчүлүк кылды. Ага жалпысынан 4 команда катышып, жыйынтыгында 1-орунду 1974-жылкы жигиттер камсыздап 1 миң сом, 2-орунду ээлеген 1979-жылкы жигиттер 700 сом жана 3-орунду ээлеген 1982-жылкы жигиттер 500 сом акчалай сыйлык жана бөлүмдүн дипломдору менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×