Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Нарын облусуАт-Башы району 20.06.2019 18:08 На русском

Айыл турмушу: Элнура милиционерге турмушка чыгам деген кыздарга кеңеш берди

Элнура Эсенгул кызы
Элнура Эсенгул кызы

Turmush -  Ат-Башы РИИБдин кеңсе (канцелярия) бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келе жаткан Элнура Эсенгул кызы жолдошу менен бир мекемеде иштегенине сыймыктанат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Элнура Эсенгул кызы 1986-жылы Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында туулган. Кесиби боюнча бухгалтер-менеджмент. Ат-Башы РИИБде бухгалтер болуп 10 жыл иштеп, кийин башчылык кызматка которулган. Ал учурда 2 кыз, 1 уулдун энеси.

«Ата-энем Ат-Башы суу чарба каналында иштешкен. 5 бир туугандын үчүнчүсү болом. Баарыбыз үй-бүлө күтүп, өз алдынча кеткенбиз. Милиция кызматкери болсомбу деген оюм бар болчу. Бирок жолдошум ички иштер бөлүмүндө иштеп, милиция кызматкери болгондуктан экөөбүз тең милиционер болбой эле коелу деп чечкенбиз. Ал кезде экөөбүз кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрчүбүз. Ошентип, бул оюмдан кайтып, бухгалтер кесибине ээ болдум. Алгач паспорт берүү бөлүмүндө иштеп, кийин Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүндө келишимдин негизинде эмгектенип калдым. 2010-жылы март айында кеңсе бөлүмүнүн башчысы деген штат келип, ал жерге которулдум.

2009-жылы Нарын районунун Жерге-Тал айылына келин болуп бардым. Жолдошум экөөбүз 5 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Экөөбүз тең ички иштер бөлүмүндө иштеп жатабыз. Бир жерде чогуу иштеген жакшы, себеби бири-бирибизди түшүнүп, колдоп турабыз. Жолдошумду колдон келишинче түшүнүүгө, колдоого аракет кылам. Ар кандай убакта чакыруулар болот. Үйгө келгенде жаркылдап, ысык тамагымды даярдап тосуп алууга аракет кылам.

Азыр улуу эркек балабыз 2-класс болду. Эгер ал дагы милиция кызматкери болом десе, калоосун колдойбуз.

Милиционердин жубайы болуш бир четинен сыймыктуу. Экинчи жагынан карай келгенде, анын кесиби оор. Майрамдарда дагы иштешет, көбүнчө жумушта болот. Андыктан аны колдоп, түшүнүп, жумушуна тоскоол болбоого аракет кылам», - деди ал.

Элнура Эсенгул кызы милиция кызматкерине турмушка чыгууга даярданып жаткан кыздарга кеңеш берди.

«Эгер сүйлөшкөн адамың милиционер болсо, аны чын жүрөктөн жактырсаң, жумушун колдосоң, анда милиция кызматкеринин жубайы болуу сыймыктуу. Үй-бүлөдө тынчтык, ынтымак болсо, жолдошуңдун жумушу алдыга жылат деп ойлойм.

Равшан Төрөбаева деген эже бар болчу. Мен жумушка жаңы келгенде көп нерсе үйрөттү. Ошол эженин куйган пайдубалынын негизинде ишти алып кеттим. Азыр минтип кеңсе башчысы болуп, иш кагаздар менен иштейм. Ат-Башы РИИБдин ичиндеги иш кагаздардын бардыгы менин мойнумда, жумуш кызыктуу. Кагаздар менен аралашпасам жашоом өтпөй калчудай. Ишимди жакшы көргөндүктөн жумушка келгенде ооруган жерим айыгып, алаксып калам.

Мектепте окуп жүргөндө комуз чертчүмүн. Китеп окуганды жакшы көрөм. Англис тилин үйрөнүп жатам. Гүл өстүрөм, алардын дагы түрү болот. Мисалы, көпчүлүктү сүйгөн гүлдөр болот. Аларды жумушка алып келем. Кадимкидей тирилип, жанданып өсүп башташат. Гүлдөргө суу куюп, тазалап, чаңын сүртсөң бул дагы бир өзүнчө ырахат, чарчаганыңды жазат. Эрмек болот», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×