Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Баткен облусу, Баткен 20.06.2019 17:25 Жаңыланды: 12.08.2019 12:06

Айыл турмушу: Баткендик А.Абдырахмановадан тажикстандык кыз-келиндер да чеберчиликти үйрөнүп кетишет (сүрөт)

Turmush -  Баткен шаарынын 45 жаштагы тургуну Алтынай Абдырахманова бала кезинен бери чеберчилик менен алектенип келе жатат. Аймактык кабарчы чебер менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кол өнөрчүлүк таенесинен өткөн. Бүгүнкү күндө андан чеберчиликтин сырын үйрөнүү үчүн коңшу Тажикстандан бери келген кыз-келиндер бар.

«Мектеп босогосун аттаган күндөн бери эле кол өнөрчүлүк менен алектенип келем. Атамдын, апамдын бир туугандарынын арасында чеберчилик менен алектенгендер бар. Бирок мен таенемден тигүүчүлүктүн сырын көп өздөштүрдүм. Анткени ал өтө жөндөмдүү, атагы алыска тараган чебер болчу. Аны менен чогуу көп жүрүп, мага тикмечиликтин көп сырын үйрөттү. Мектепте окуп жүргөн мезгилде өзүмө керектүү көйнөктөрдү, мектеп формаларын өзүм эле тигип, кийип алчумун.

Мектепти аяктаган соң медицина тармагы боюнча жогорку билим алдым. Ошол эле учурда келечекте керек болуп калат деп тикмечиликке да окуп, диплом алгам. Көп жыл Баткен облустук жандандыруу бөлүмүндө эмгектендим. Акыркы жылдары толугу менен тикмечиликке өтүп кеттим.

Мага келген ар бир кардардын ишин аткарууда ырахаттанып иштейм. Эгер кардар менден ыраазы болуп кетсе эртеси күнү жумушума жаңы дем менен келем. Кардарга өз ишимди ийгиликтүү бүтүрүп берген соң ал мени жакын туугандарына, досторуна, айланасындагы адамдарга сунуштап, алар дагы келген учурлар көп. Ошондуктан ар бир кардардын ишин тыкан, оюндагыдай аткарып берүүгө аракет жасайм. Өзүм көбүнчө фантазиям менен иштейм. Кардарлар ар түрдүү болот. Кээ бири интернеттен алынган үлгүлөрдү алып келишет. Ал сунуштарын да аткарып берем.

«Тикмечиликти үйрөтүңүз» деп көптөгөн кыз-келиндер кайрылат. Кошуна Тажикстандан келген кыздар да болот. Баарына жок дебестен үйрөтүп жатам. Мен үйрөткөн кыздардын алды өз ишмердүүлүктөрүн ийгиликтүү улантып жатат», - деди ал.

Чебер айым 2 уулдун энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×