Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 20.06.2019 11:42 На русском

Кадамжайда жырткычтар ондогон жандык малды, 20га жакын тайды, 30га жакын торпокту жеп кетти

Turmush -  Кадамжай районунда акыркы 10 күндүн ичинде 5 чөө, 5 карышкыр атылып, 21 бөлтүрүк алынды. Бул тууралуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Кадамжай району боюнча аңчы башчысы Алай Беделов билдирди.

Маалыматка караганда, акыркы 10 күн ичинде Кадамжай районунун Тамаша айылынан 3 карышкыр атылып, 13 бөлтүрүк алынса, А.Орозбеков айыл аймагынан 2 карышкыр атылып, 8 бөлтүрүк алынды. Марказ айыл аймагынан 1 карышкыр, 5 чөө атылды. Жырткычтар акыркы 3 айда 40тан ашуун жандык малды, 20га жакын тайды, 30га жакын торпокту жеп кеткен. Ал эми алынган бөлтүрүктөр мыйзам боюнча мергенчилер тарабынан 6 ай багылып, 6 айдан кийин атылып жок кылынат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×