Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 20.06.2019 11:07

Мойнуна, бутуна кирпич байланып, сууга ыргытылган кишинин өлүмү. Окуянын чоо-жайы. Сүрөт

Turmush -  Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери тарабынан күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 19-июнда Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринен Кант шаарындагы Чоң Чүй каналынан зомбулук менен өлтүрүлгөн 50-55 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган дарекке барган милиция кызматкерлери каза болгон кишинин өздүгүн аныкташкан. Ал Дмитриевка айылынын 52 жаштагы Б.А. аттуу жашоочусу болгон.

Аталган факт Жазык кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Аталган кылмыштын бетин ачуу үчүн Чүй ОИИБ менен Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери тарабынан ыкчам изилдөө тобу түзүлгөн. Жүргүзүлгөн иш-чаранын жыйынтыгында маркумду өлтүрүүгө шектелип анын 44 жаштагы аялы кармалды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, аталган кылмыш иши жубайлардын ортосундагы чыр-чатактан улам келип чыккан. «Шектүү кылмышты жашыруу максатында маркумдун сөөгүнө кирпич байлап, Чоң Чүй каналына ыргытып жиберген», - деп айтылат маалыматта.

Кармалган жаран Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

«Кант шаарынын Аскер шаарчасы аймагындагы сууда белгисиз адамдын жансыз денеси агып бара жатканын көрдүк. Биз чынында коркуп кеттик. Дароо «112» кызматына чалдык. Райондук куткаруу бөлүмүнөн «АЦ-40» үлгүсүндөгү унаа менен 4 куткаруучу келишти. 15 мүнөттөн кийин жансыз денени суудан алып чыгышты. Ал кишинин мойнуна жана бутуна кирпич байлап, сууга ыргытышыптыр», - деди күбөлөр.

attention

attention

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×