Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Ош облусуАлай району 19.06.2019 16:29 На русском

Алайдын аймактык ооруканасында ардагер дарыгерлердин тактасы пайда болду (сүрөт)

Turmush -  Алай районундагы аймактык ооруканада эмгеги сиңирген ак халатчандардын ардак тактасы салтанаттуу түрдө ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Тактада Алайдын аймагында алгачкылардан болуп элге кызмат көрсөткөндөрдүн аты-жөнү, сүрөтү жайгаштырылган. Алардын сап башында ардагер Айтбай ажы Рахманов турат.

Ардак тактанын ачылышына Алай районунун акиминин орун басары Бактыбек Осмонов дагы катышты. Салтанатта аймактык оорукананын башкы дарыгери Талантбек Белекбаев сөз сүйлөп, аты ардак тактада орун алган 1959-жылдан бери иштеп баштаган дарыгерлердин көбүнүн көзү өтүп кетсе дагы, бүгүнкү күндө ардагер болуп, кийинки муундагы дарыгерлердин насаатчысы болгон ардагерлер бар экенин белгиледи. Салтанатка аты ардак тактага жазылган дарыгерлердин туугандары, балдары дагы катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×