Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Чүй облусу, Токмок 19.06.2019 15:34

Токмоктогу ММА мушкерлери эл аралык турнирде алдыңкы орундарды багындырышты

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарынын 5 мушкери кулатуу эртаймаш боюнча өткөн эл аралык турнирде алдыңкы орундарды багындырышты. Бул тууралуу машыктыруучу Мирлан Усманов билдирди.

Анын айтымында, турнир Бишкек шаарында «Мен жашоону сүйөм!» деген ураандын алдында өттү.

«Эл аралык мелдешке жалпы 200дөн ашуун мушкер катышты. Анын бешөө биздин Токмоктон баргандар. Жыйынтыгында биздин мушкерлер Эржан Ташиев, Браун Вольдемар жана Жаныбек Мукановдор алтын медалга, Изат Жумабеков күмүш, Максат Асанкожоев коло медалга татыды. 1-орунду багындыргандар 26-28-июль күндөрү боло турчу Азия чемпионатына жолдомо алышты. Ал Казакстанда өтөт», - деп билдирди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×