Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Чүй облусуЧүй району 19.06.2019 13:15

«Көзүбүзчө чөгүп...»: Шамшы суусундагы эс алуу өлүм менен аяктады

Turmush -  17-июнда Чүй районунун Шамшы айылындагы Шамшы суусуна 14 жаштагы Ш.Б. аттуу бала чөгүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, издөө иштеринин натыйжасында саат 09:15 чамасында анын жансыз денеси табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Издөө иштерине ӨКМден 5 куткаруучу, ИИМден 15 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 35 адам тартылган.

Айыл тургундарынын айтымында, 2005-жылы төрөлгөн Ш.Б. Шамшы айылына жакын Кошой айылынын тургуну болгон.

«Жанында бир бала бар экен. Экөө Кошой айылынан атайын ушул көлмөгө түшөбүз деп келишиптир. Көлмө дегенибиз, бул мурда айыл өкмөттүн БСРи болчу. Көп жылдан бери сугат суу катары колдонулбай калган. Ошол себептен Шамшы суусунан бул көлмөгө аккан жерин бүтөп коюшкан болчу. Бирок, жаш балдар сууну ачып, көлмөнү толтуруп алышкан. Мындан суу агып кетпейт», - деди айыл тургундары.

Атын атагысы келбеген окуянын күбөсү буларга токтолду.

«Маркум Ш.Б. суунун ортосуна чейин сүзүп барыптыр. Ошол жерден тарамыштары түйүлүп калса керек, чөгүп баштаптыр. Суу абдан муздак болчу. Жанындагы бала коркуп кетип, Шамшы айылына жакын жайгашкан Дача айылына чуркап барып, биринчи үйгө кайрылган. Ал жерден келген жигит маркум Ш.Б. сууга кирип-чыгып чөгүп жатканын көрөт. Ал ортодо эл чогулуп калдык. Тиги жигит дароо кийимдерин чечип, сууга киргени менен куткара албай койду. Ошентип бала көз алдыбызда чөгүп кетти. Андан соң Чүй райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлерин чакырдык», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×