Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусу, Нарын 19.06.2019 19:22 На русском

Нарында депутат болгон украин кызы Татьянаны экс-президенттин жубайы деп ойлошкон (сүрөт)

Т.Балаева экс-президент А.Атамбаевдин колунан сыйлык алып жаткан кези
Т.Балаева экс-президент А.Атамбаевдин колунан сыйлык алып жаткан кези

Turmush -  Нарын шаарынын 63 жаштагы тургуну Татьяна Балаева 46 жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап келет. Ага көбүнчө кыргызча билбейт деп орус тилинде кайрылышат. Бирок Т.Балаева кыргызча сүйлөй алат. Педагог менен аймактык кабарчы маектешти.

Өзүнүн айтымында, ал буга чейин «Билим берүүнүн отличниги», Нарын шаарынын жана облустун «Ардактуу атуулу» наамдарынын ээси болгон жана «Караван достугу» кубогунун жеңүүчүсү аталган. Ошондой эле 1985-жылы облустук кеңештин депутаты болууга да жетишкен.

«Апамды Москвадан 1947-жылы, ал эми атамды Украинадан 1949-жылы Ат-Башыга иштегени жиберишкен. Апам медайым болсо, атам радист болуп иштечү. Алар Ат-Башыдан таанышып, баш кошушкан. Украин кызы болгонум менен балалыгым Ат-Башы айылында өттү. Кичинекей кезимден бери эле "украин тилинде сүйлөп берчи же украин элинин улуттук тамак-ашын жасоо жолу (рецепт) менен бөлүшчү" деп кайрылышат. Кыргыздын улуттук тамак-ашын жана каада-салтын жакшы билем. Мага кайрылгандарга "украинче сүйлөгөндү билбейм. Мен деле кыргызмын" деп калам (күлүп).

Ат-Башы айылындагы №2 Акматаалы Карыбек уулу орто мектебинде билим алып, окууну бүткөндөн кийин мектепте мугалим жетишпегендиктен мага иштөөнү сунушташты. 1973-жылы ошол мектепте башталгыч класстын мугалими болдум жана 3 жыл эмгектендим. 1976-жылдан бери Нарын шаарындагы В.П.Чкалов атындагы орто мектебинде башталгыч класстарга сабак берип жатам.

Жумушта көп кызыктуу окуяларга туш болом. В.П.Чкалов орто мектебинде жаңыдан иштеп жаткан кезим. Ал учурда мектепте орус улутундагы мугалимдер көп болчу. Мектептин жетекчилиги мени Ат-Башыдан иштөөгө чакырып, "башталгыч класстын мугалими бол. Биз менен иште" десе, мен чочуп кетип, "орустар менен кантип иштешем?" дегеним азыркыга чейин эсимден кетпейт.

Дагы бир окуя эсиме түштү. Кайсы жыл экени так эсимде жок, бирок экс-президент Алмазбек Атамбаевдин колунан сыйлык алган сүрөтүмдү мектептеги бөлмөмө илип койгом. Аны окуучуларым менин жолдошум деп ойлоп жүрүшүптүр. Бир күнү бир окуучумдун апасы келип, "сиз Алмазбек Атамбаевдин жубайысызбы же тууганысызбы? Балам сыналгыдан А.Атамбаевди көрүп, биздин эжейдин күйөөсү, бөлмөсүндө чогуу түшкөн сүрөтү илинип турат дей берет" дегенинен күлүп, сыйлык алган сүрөтүмдү көрсөткөм.

Бишкекке барганда көбү мени "кыргызча түшүнбөйт" деп ойлошот. Бир жолу таксиге отуруп, жанымдагы кыргыз аял айдоочудан "канча сом берем?" деп сурады. Айдоочу "силер 50 сомдон бергиле, тиги аялдан 70 сом алайын" деген. Мен "сиз ар кимдин улутуна карап акча аласызбы?" десем уялып, кечирим сураган», - дейт педагог айым.

Т.Балаеванын балдары учурда Россияда жашашат. Бирок өзү Кыргызстандан кеткиси келбейт.

«Жолдошумдун ата-энеси да менин ата-энем сыяктуу Кыргызстанга жумушу боюнча которулуп келип, отурукташып калышкан. Жолдошум Талас шаарында төрөлүп, Нарын шаарында чоңойгон. Ал Ат-Башы айылына иш сапары менен келип, мени бир көрүп жактырып калган экен. Мен ал учурда аталган айылдын мектебинде мугалим болуп иштеп жүргөм. Жолдошум жумушума келип, мени менен таанышты. Жылдызыбыз келишип, жарым жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, 1976-жылы баш коштук. Учурда 1 кыз, 1 уул жана 4 неберебиз бар. Балдарым өз алдынча турмуш куруп, бизди келиндүү жана күйөө балалуу кылышкан. Алар учурда Россиянын Курган шаарында жашашат. Бизге дагы "ошол жактан үй алып, Россияга келгиле" дешкен. Бирок Кыргызстанда чоңоюп-өскөндүктөн башка жерге кете албайт экенсиң», - дейт Татьяна Балаева.

Ал жумушунан сыткары майрамдык иш-чараларга дагы активдүү катышып турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×