Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ош облусуАлай району 18.06.2019 12:43 На русском

Алайда кабыланды тирүүлөй кармап, ханга тартуу кылган баатырдын урпактары чогулду (сүрөт)

Бакал баатырдын тою
Бакал баатырдын тою

Turmush -  Алай районунда Бакал баатырдын урпактары чогулушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, Бакал баатырдын урпактарынын басымдуу бөлүгү райондогу Кабылан-Көл, Корул айыл өкмөттөрүндө жашашат. Ошондой эле аларды Нарын, Кара-Суу, Кара-Кулжа райондорунан дагы кездештирүүгө болот. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн аталышы дагы Бакал баатырдын эрдиги менен байланышкан.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Кокон хандыгын Кудаяр хан башкарып турган кезде Бакал баатыр адамдарга кол салган кабыланды тирүүлөй кармап, ханга тартуу кылган.

Буга чейин Turmush басылмасы көлгө бир дагы адамды жолотпогон кабыландын атын алып жүргөн Кабылан-Көл айыл өкмөтү тууралуу жазган. Ошол учурда аталган айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Гүлүмкан Сарыбаева айылдан Бакал баатыр чыкканын айткан.

«Мен Кабылан-Көл айылы боюнча уламыштарды айылдаштарымдан угуп жүрөм. Биздин айылда чоң көл болгон. Ал көлдү кабылан мекендеген. Элет эли көлдөн өтө алган эмес. Анткени кабылан тойбой, адамдарга кол салып турган.

Ошол кезде айылдан Бакал баатыр чыгып, көлгө барып, кабылан менен кармашкан экен. Баатыр кабыланды тирүүлөй кармап, Кудаяр ханга тартуу кылган. Ошондон улам, кабылан чыккан көл деп айтылып жүрүп, айылыбыз дагы Кабылан-Көл аталып калган экен», - деген Г.Сарыбаева.

Чогулушка катышып жаткан Бекмамат Суранчиевдин айтымында, Бакал баатырдын тою өзү туулуп, өскөн Кабылан-Көл айылында алгачкы жолу уюштурулуп жатат. Анда 28 боз үй тигилип, баатырдын 2 миңден ашуун урпактары чогулган. Ошондой эле ат оюндары уюштурулуп, Бакал баатыр тууралуу китептер таратылган.

Сүрөттөр Канат Шарипбековго таандык

Маалымат катары:

Кабылан-Көл айыл өкмөтү райондун батыш тарабында жайгашкан. Коңур-Дөбө айыл өкмөтү менен чектешет, түндүк-батышынан Кара-Суу районунун Кызыл-Суу, түштүк-батышынан Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөттөрү менен чектешет. Жалпы аянты 64,4 миң чарчы км.

Айыл өкмөт өзүнө 4 айылды камтыйт: Кара-Жыгач, Кабылан-Көл, Курулуш,

Бейрасмий маалыматтарга караганда, илгери айыл өкмөттөгү көлдүн аянты болжол менен 8-10 гектарды ээлеп, кийинчерээк соолуп отуруп, камыштуу сазга айланган.

Бул айыл өкмөттө Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×