Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Ысык-Көл облусуТоң району 18.06.2019 12:13 На русском

Кызганычтан күйөөсүнүн огуна учуп жан берген жаш келиндин армандуу өлүмү. Окуянын чоо-жайы

Turmush -  6-июнда Тоң районунун Сырт өрөөнүндө 29 жаштагы малчы өзүнүн жубайын атып өлтүрдү. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, бул кылмыш жөнүндөгү маалымат милицияга кечээ, 17-июнда саат 4:00 чамасында түшкөн. 16-июнь күнү Тоң районунун Тогуз-Булак айылынын 27 жаштагы тургуну А.Н. (келин) Сырт өрөөнүнүн Кара-Саз аймагында өзүнө мылтык менен ок атып, каза болгондугу жөнүндө айтылган. Бул маалымат Тоң РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, окуянын жагдайларын аныктоо үчүн милициянын ыкчам тобу жиберилген.

Окуя болгон жерде жүргүзүлгөн тергөө иштеринин натыйжасында Тогуз-Булак айылынын 29 жаштагы жаштагы тургуну К.И. өзүнүн жубайы А.Н. менен элдин малын багуу үчүн аталган жайлоодо убактылуу жашап жүрүшкөндүгү такталды. 16-июнь күнү кызганычтан улам жубайлардын ортосунда чатак чыгып, күйөөсү жубайынын көкүрөгүнө ок аткан. Келин алган жаракатынан улам ошол жерде каза болгон. Күйөөсү ок атылган сайсыз мылтыкты мыйзамсыз жана эч бир уруксат кагаздары жок сактап жүргөн.

Аталган факт боюнча КРнын Жазык кодексинин 130-беренесинин (киши өлтүрүү) негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Кылмышка далил зат катары ок атуучу курал алынган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Аймактык кабарчыга айылдаштары каза болгон келиндин үй-бүлөсү тууралуу айтып беришти.

«Аялын атып өлтүргөн жигит 1989-жылы туулган. Ата-энеси бар, 6 бир туугандын улуусу: 4 эркек жана 2 кыз. Акыркы эки жылдан бери айылдагы бир кишинин чабаны болуп, малын бакчу. Ал эми аялы 1992-жылы Новопавловка айылында туулган. Биздин билишибизче 3 бир тууган: 1 иниси жана 1 сиңдиси бар. Атасы каза болгон деп укканбыз. Анын артында 3 жаштагы кызы калды.

Баланын ичкенин деле көргөн эмеспиз. Бирок аялын сабачу. Ур-токмоктун айынан боюнан эки жолу түшкөн. Ортодо ажырашып, кайра табышкан. Ага чейин бул бала башка аял алып, аны менен кайра ажырашып, бул аялы менен элдешип жашап жатышкан.

Акыркы учурда келин арыктап, абалы начар болчу. Ошондо аны тааныган аялдар кайненесине «келиниңди кор кылбай, үйүнө эле кетирбейсиңби» деп айтышкан экен.

Келин бүгүн Тогуз-Булак айылында жерге берилет», - дешти айылдаштары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×