Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 18.06.2019 08:37 На русском

Баласындай жигит менен 1 млн сомдук алтындарды уурдоого шектелген адамдар колго түштү (сүрөт)

Turmush -  Өзгөн районунда 1 млн сомдук алтын буюмдарды жана 380 миң сом акчаны уурдап кетүүгө шектелген 5 адам кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-март күнү Өзгөн шаарынын 1968-жылы туулган тургуну М.Б. милицияга кайрылган. Ал үйүнө белгисиз адамдар кирип, 380 миң сом акчасын жана алтындан жасалган 1 млн сомдук зер буюмдарын уурдап кетишкендигин билдирип арыз жазган. Өзгөн РИИБдин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан 29-майдан 11-июнга чейинки аралыкта бул кылмышка шектелген адамдар кармалды.

Алар:

- Өзбекстандын 1960-жылы туулган тургуну М.Ж.;

- Жалал-Абад облусунун 1995-жылы туулган жашоочучу А.Ф.;

- Өзгөн районунун 1972-жылы туулган М.И.;

- Өзгөн районунун 1976-жылы туулган тургуну К.Х. Бул адам 2006-жылы КРнын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 28-228-беренесинин 3-бөлүмү (терроризм актысы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо), 229-берененин 2-бөлүмү (мыйзамсыз түрдө куралдуу кошуундарды уюштуруу жана ага катышуу), 2011-жылы 173-беренесинин 1-бөлүмү (алдоо же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу аркылуу мүлккө зыян келтирүү), 353-берененин 1-бөлүмү (өзүм билемдик) жана 2016-жылы 299-берененин 1-бөлүмү (улуттар, расалык, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу) боюнча соттолгон;

- 1966-жылы туулган С.Т. Бул адам 2009-жылы КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 226-беренесинин 2-бөлүмүндөгү 1-2 пункттары (терроризм актысы), 229-берененин 2-бөлүмү (мыйзамсыз түрдө куралдуу кошуундарды уюштуруу жана ага катышуу), 230-берененин 2-бөлүмү (бандитчилик) жана 59-берене (бир нече кылмыш жасагандыгы үчүн жаза белгилөө) боюнча соттолгон.

Аталган адамдардын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн учурда далил катары алтын буюмдар табылды. Учурда кылмышка шектүүлөр Өзгөн райондук сотунун чечими менен Ош шаарындагы тергөө абагына 2 айга камакка алынды. КРнын Жазык кодексинин (жаңы кодекс) 200-беренесинин (уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×