Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Жалал-Абад облусуАксы району 17.06.2019 15:19 На русском

Аксыда таенесинин кыркына барган кыз сууга чөгүп кетти. Денеси табыла элек (сүрөт)

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Аксы районуна караштуу Үч-Коргон айыл өкмөтүндө Нарын дарыясына чөгүп кеткен 13 жаштагы кыз апасы менен бирге таенесинин кыркына барган. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, 3 өспүрүм кыз Үч-Коргон айыл өкмөтү аркылуу агып өткөн Нарын дарыясынын жээгине барышып, таштан ташка секирип ойношкон. Ошол учурда 13 жаштагы Замиранын (аты өзгөртүлдү, Д.З.) буту сыйгаланып, сууга түшүп кеткен. Анын жанында жүргөн кыздардын бири дагы сууга кулап, бирок чоң ташты кармап калган.

Учурда 40тай жергиликтүү жашоочулар куткаруучулар менен биргеликте Замиранын денесин издеп жатышат. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбек Мураталиев Аксы районунун акими Ыманберди Досбаев менен бирге окуя болгон жерге барып, мамлекеттик кыргыз-өзбек чек арасындагы коңшу Өзбекстандын чек ара бекети менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү белгилүү болду.

«Кечээ, 16-июнь күнү кыздын денесин түнкү саат 22:00гө чейин издеп, бүгүн да издөө иштерин улантып жатабыз. Нарын дарыясы коңшу Өзбекстан өлкөсүнө агып кеткендиктен чек ара бекети менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Азырынча жооп айтыла элек», - деди айыл өкмөт башчы.

Сууга чөгүп кеткен Замира Үч-Коргон айыл өкмөтүндөгү №42 Т.Сатылганов атындагы орто мектебинде 6-класска чейин билим алган. 2018-2019-окуу жылында турмуш шартка байланыштуу Бишкек шаарына көчүп кетишип, окуусун ошол жерден уланткан.

Буга чейин Turmush басылмасы Аксы районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн Нарын айылында өспүрүм кыз Нарын дарыясына чөгүп кеткенин жазган.

ӨКМдин маалыматына караганда, сууга Д.З. аттуу кыз чөгүп кеткен. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн жалпы 12 куткаруучу, ИИМден 3 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылган. Окуя кечээ, 16-июнь күнү болгон.

ӨКМдин маалыматына караганда жыл башынан бери Кыргызстанда 14 өспүрүм сууга чөгүп, каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×