Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Баткен облусу, Баткен 16.06.2019 14:46 На русском

Үйлөнүү тойдогу ажал: Баткенде досунун тоюна келген жоокер сууга чөккөн баланы куткарам деп өзү кошо каза болду

Turmush -  Кечээ, 15-июнда Баткен районунун Төрт-Гүл суу сактагычына чөгүп каза болгон жигиттер бүгүн, 16-июнда жерге берилет. Бул тууралуу Turmush басылмасына өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, каза болгон 2 жигиттин бири А.Бекжан аскерде келишимдик негизде кызмат өтөп жүргөн ефрейтор болгон. Ал 15-июнь күнү саат 16:00 чамасында дос балдары менен үйлөнүү тойго келип, сүрөткө түшүү үчүн Төрт-Гүл суу сактагычына барышкан. Суу сактагычта Самаркандек айылынан келген 4 жигит сууга түшүп жатышкан. Ошол маалда 4 жигиттин бири 1999-жылы туулган С. уулу Н. сууга чөгүп, жардамга чакырган. Аны куткарабыз деп ефрейтор А.Бекжан жана дагы 2 жигит сууну көздөй чуркашкан. Алар кийимдерин чечип ыргытып, сүзүп жөнөшкөн. Чөгүп жаткан жигитке ефрейтор Бекжан биринчи жетип барган.

Жээкте окуяга күбө болгондордун айтымында, Бекжан чөгүп жаткан балага жетип барып, жээкти көздөй 5 метрдей тартып келген. Бирок экөө тең сууга 2-3 жолу кирип кетип, ошол бойдон чыкпай калышкан. Аны менен кошо жардамга чуркаган 2 жигит 10 метрдей аралыкка сүзүп, андан ары бара албай кайтышкан.

Кечээ экөөнүн денесин издөө иштери жүргүзүлүп, бирок кеч киргендигине байланыштуу токтотулган. Бүгүн, 16-июнда эртең менен издөө иштери уланып, саат 07:40 чамасында С. уулу Н.дин денеси, саат 07:55 чамасында ефрейтор А.Бекжандын денеси табылды. Самаркандектик С. уулу Н. бүгүн саат 19:00дө, аскер А.Бекжан 17:00дө жерге берилет.

22 жаштагы Бекжан Баткенде чоңойгон. Баткендеги аскер бөлүктө 2016-жылдан бери кызмат өтөп келе жаткан. Ал бир үй-бүлөнүн жалгыз уулу болчу.

Окуя тууралуу:

Кечээ, 15-июнда Баткен районунун Төрт-Гүл суу сактагычында 2 жигит сууга чөгүп кеткени кабарланган. Алар Баткен шаарынын 1997-жылы туулган тургуну Б.А. менен Самаркандек айылынын 1999-жылы туулган тургуну С. уулу Н. экендиги такталган.

Бүгүн, 16-июнда ӨКМ суу сактагычка сууга чөгүп кеткен 2 жигит табылгандыгын билдирген.

Маалыматка караганда, издөө иштеринин натыйжасында саат 07:35те 1999-жылы туулган С. уулу Н.нын, саат 07:55те 1997-жылы туулган А.Б.нын денелери табылган. Издөө иштерине ӨКМден 34 куткаруучу тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×